КЫРГЫЗДЫН УЛУУ ЖОМОКЧУЛАРЫ

Талантаалы Бакчиев

http://www.barakelde.org/muras/news:491/
ЭПОСТОН ЖОМОККО. Жомокчулардын (азыркы күндөгү аталышы – манасчы) «Манас» айтуу учурун трансценденттик (бир мейкиндиктен башка мейкиндикке өтүү, аң-сезимдин өзгөчө абалы) кубулуш катары эсептөөгө болот. Алар транс (“Манас” айтып жаткан учурунда) абалында: адамды, малды, жан-жаныбарды оорудан сакайтып, айлана-чөйрөнү аруулап, тазалашкан. Тагыраак айтканда, эмчи-домчулук кызматын аркалап, тазалоочу-аруулоочу озуйпаны аткарып келишкен. Бул жагынан алып караганда, кыргыздардын “Манасты” – “жомок” деп, айтып келгендигинин негизги себеби келип чыгат. Анткени, түрк-монгол тилдүү элдердин дээрлик бардыгында тең кездешкен “жомок” деген сөздун теги – “эм-дом” же “эм-дем” (эмдөө, дем салуу) деген сөздун маанисине барып такалат (Исанбат Н. Татар табышмаклары турында. Казан.: 1970.)   Демек, «жомок» деген сөздүн түпкү мааниси («жөө жомок» - “сказка” эле эмес), «эм-дом» маанисинде да колдонулуп, “Манас” айтуу аркылуу жомокчулар кыргыз элине дем салып турган.
Ал эми «эпос» деген термин Кыргыз Совет фольклористикасы тарабынан, кечээ жакында – 1930-жылдары эле адабий термин катары кирген. «Манасты» кыргыздар “жомок” деп келсе, айтуучуларын «жомокчу» деп келишкен. Тээ илгертен бери «жомок» деп атап келген «Манаска», «эпос» деген терминди таңуулоонун канчалык зарылчылыгы бар эле? Ушундан улам, башы байыркы грек тилинен келген “эпос” деген сөздүн мааниси деги “Манаска” туура келеби, татыктуубу деген суроо туулат?
«Койчу ошол качанкы «Манасты»! Эскиге жармашпай, кайдагы бир немени «Манас!» «Манас!» деп эле көтөрүп-чаппай, алдыга – цивилизацияга умтулушубуз керек! Азыр башка заман, башка доор, башка талаптар. «Манастын» убагы өттү-кетти!» деп, айткан тексиздер эл ичинде толтура. Бирок маселенин маанилүүлүгүн эске алсак, биздин руханий баалуулугубуз үчүн бизден башка ким күйөт? Өзгөчө азыркы катаал заманда ар ким өз көмөчүнө тартып, ар ким өз пайдасын, кызыкчылыгын көздөп турган учурда ким күйөт?  
Эл аралык илимий термин катары «эпостун» ээлеген орду белгилүү, талаш жок. Ал эми «жомок» деген терминдин «жөө жомок» («сказка») жанрдык маанисине өтүп кетиши адилеттикке жатабы? Анын үстүнө, кыргыз эли «Манас» жомогун тарыхый окуя, Манастын өзүн тарыхый каарман, аны айтып келген жомокчуларды Манас дүйнөсү менен тирүүлөр ортосундагы көпүрө катары кабылдап келгендиги айкын.
МАНАСЧЫДАН ЖОМОКЧУГА. Кыргыз элин кылымдар бою колдоп, коргоп келген Манас дүйнөсүнө биз канчалык тереңдеген сайын анын ошончолук түпсүз экендигине ынанып келебиз. Кирсең чыкпай, чыксаң кайра кире албай калчудайсың. Киргенди кой, канчалар кирүүгө эшигин таба албай, тапса анын кулпусун ачууга ачкычын туура тандап ала албай, кайра тартты. Канчалар башка каалгадан адашып кирип, мерт болду. Канчалаган «көйкашка азаматтар» төшүн койгулап, «батыл төрүнө чыгам» деп, босогодон аттап өтө албады.
Кайсы гана изилдөөчү, мейли тарых, мейли адабият, тил, мейли философия илиминин өкүлү болсун, жомокчунун айткан кебине, көз карашына кулак төшөбөдү, а түгүл «материалисттик илимге жат» деп, ишенбестен четке кагып,  мыйыгынан күлүп, шылдыңдоо менен мамиле кылып, маскарапоз-шоумэн катары кабылдап келгендиги жашыруун эмес. Жомокчунун айткан «Манасы» - «Улуу эпос» болуп, жомокчунун өзү тууралу айтканы ободон түшкөн опосуз ой, өзү обу жоктой кабылданып келди. Жомокчунун айткан Улуу Сөзүн фольклорчулар түркүн-түрдүү айла-амалга салып сыгып алып, дүйнөнүн туш тарабына алып кетип жатат. Ал эми анын жеке чыгармачылык дүйнөсүнө, жеке жан дүйнөсүнө кайдыгер болуп, а түгүл колун шилтеп келишет. Ошентип жатып, азыркы күнгө чейин бир дагы жомокчунун табияты илимий алкакта терең, кенен, толук изилдөөгө алына элек.
Көпчүлүк, жомокчулукту “өнөр” деп атап, “өнөр” деп тааныйт. Мындай ой же аталыш манасчылыкка татыктуу эмес эсептейм. Себеби, өнөрдү кимдир бирөөдөн үйрөнүп алса болот. Ал эми касиет жогору жактан берилет. “Үйрөнүп манасчы боло албайсың”, дейт элибизде. Андыктан, манасчылык бул өнөр эмес – касиет.
Ал эми 1930-жылга чейин кыргыз элинин «Манас» айтуучуларын «жомокчу» деп, атап келишинин себеби эмнеде? Деген суроонун коюлушу толук мүмкүн. Эмне үчүн кыргыз эли мурда «Манас» айтуучусун «манасчы» деп атабады экен? Себеби, «Манасты» - Манас дебей, «жомок» деп, тергегендей эле, анын айтуучусун да тергешкен. «Манас!» деп, оозун толтуруп сүйлөгөндү, «шүк, антчү эмес» деп, дароо токтотуп койчу. Ал, Улуу арбакты сыйлагандыгы, адеп-аклактык – философиялык категория катары маанилүү болгон. Бул кыргыздын кем акыл же аң-сезиминин төмөндүгүнөн эмес, даанышмандыгы, акылмандыгы. Улууну – «Улуу» деп, баамдай алгандыктын өзү, Улуулук. «Жакшыны жакшы өлтүрбөйт, жакшыны жаман өлтүрөт». Ар кимдин, ар нерсенин «жолун», «ордун» сактап, ошого жараша мамиле кылган көчмөн кыргыз. Өз ордунда болгондор оңолгон, ордунда жоктор жоголгон. Ал адамзат коомунун гармониясы ушунда экендигине терең ишенген. А түгүл, үрп-адат, салтынан, тилинен, жалпы эле маданиятынан кол үзүп, башка элдер менен жуурулушуп, сиңишип бараткан бир боорубуз – хакас (хыкыс-кыргыз) эли да азыркы күнгө чейин жомокчуларын нымахчы (жомокчу – нымахчы) деп атап келишет. Өнгөнү кой, нымахчынын жолун урматтап, ордун сактап тургандыгы бул хакастардын бүгүнкү күндөгү эрдиги.
Жогоруда айттык, түрк-монгол тилдүү элдердин баарында тең «жомок» деген сөздүн маанилери үндөш. «Оозеки» фольклордун бардык жанрларын өзүнө камтыган: жөө жомок, табышмак, уламыш, эм-дом, ырым-жырым, үрп-адат, дарым, сыйкыр, дуба ырлары ооздон-оозго көчүп, жадыда сакталып келген байыркы Сөз. «Манастын» өзүндө да ушу: жөө жомок, табышмак, уламыш, эм-дом, ырым-жырым, үрп-адат, дарым, сыйкыр, дуба эмеспи, өзүндө да: жөө жомоктор, табышмактар, уламыштар, эм-дом, ырым-жырым, үрп-адат, дарым, сыйкыр, дуба ыр саптары уюп жатпайбы. Ошондой эле «Манас» жомогун айткан жомокчунун өзү да мунун бардыгын көкүрөгүнө сактап, элине тартуулап жатпайбы. Аларды сиңирип, элине тартуулай албаса анда анын жомокчулугу кайсы. Жомокчу «Манасты» айтуу менен эле чектелген эмес. Ал эмчи-домчу да, табыпчы да, элдик үрп-адаттын, ырым-жырымдын алып жүрүүчүсү да болгон. Дал ошол Улуу жомокту айткан жомокчу болуп калгандыгы үчүн гана ал жогорудагы элдик билимдердин да алып жүрүүчүсү боло алган. Анан ушундай ченебеген руханий кең маани-маңыздуу дөөлөттү ичине батырып жүргөн «жомок», «жомокчу» деген төл сөздөрүбүздү тандыкпы, өз ордунан качырып алдыкпы???
КАЙЫП-АРБАК ДААРУУ. Улуу жомокту айткан жомокчулардын эл ичиндеги орду да обурактуу. Кудайдын колдоосу, кайып-арбактардын дааруусунун натыйжасында айтып калышкан деген ишеним кыргыз элинин аң-сезиминде орноп келет. Жогорудагы ойду жомокчулар өздөрү да моюндарына алат. Ал эми «кайып-арбак дааруу» процесси болочок жомокчунун өң же түш абалында өтөт. Элдин калың катмарында бул жөнүндө жалпы түшүнүк өмүр сүрүп келгени менен илим айдыңына келгенде, илимий объект катары терең иликтөөгө алынган эмес. Тескерисинче, жомокчулардын чыгармачылыгындагы андай кубулушка түшүнбөөчүлүк менен бир жактуу, а түгүл терс мамиле кылып келишкен.
Болочок жаратман жомокчулардын дээрлик бардыгы (жаратман дегеним, жаттап айтпаган) «кереметтүү түшкө» туш болушат. Эң алгачкы «түшүндө», кайып-арбактарга («Манастагы» кейипкерлерге) кабылып, кээде тескерисинче, талапкерге кайып-арбактар өздөрү туш болуп, ортодо таанышуу процесси өтөт. Көп учурларда бул процесс кайып-арбактар тарабынан өтүнүү, буйрук, а түгүл коркутуп-үркүтүү мүнөзгө чейин барат. Тагыраак айтканда, алгачкы түштүн мүнөзү, болочок жомокчунун мамилесине байланыштуу болот.
Алгачкы көргөн «түш» өтө олуттуу мааниге ээ. «Алгачкы» дегеним, бул «түш», ал адамдын келечек тагдырын чечет. Дал ошол «түш», анын эртеңки күндө жомокчу болорун не болбой калышын аныктайт. «Түшүндө» «ооба» не «жок» деп кайып-арбактарга бере салган жообу, чоң жоопкерчиликти да талап кылат. Эгерде ал «ооба» деген жооп кайтарса, анда кийинки баскычтан өтүүгө мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Кокус, «жок» дей турган болсо, анда анын тагдырына эле эмес, жакындарынын өмүрүнө коркунуч жаратат. Арийне, оболку «түш» болочок жомокчулардын ар бирине, ар башка көрүнөт. Бирок жалпы жонунан мазмуну, бардык учурда тең бирдей окшош. Көпчүлүк учурда «түшкө», калың колдун аттанып бара жатышы же боз үй ичиндеги тамак-аш жайнаган кең дасторкондун үстүндө отурган Манас баштаган сүрдүү баатырлар (кырк чоро), кээде («Манас» «үчилтигиндеги» негизги кейипкерлер) Бакай, Каныкей, Семетей, Айчүрөк, Гүлчоролор кирет. Ушуга улай ысымы көпчүлүккө көп маалым эмес, Кубанычбек Алмабеков деген дагы бир семетейчинин мисалын айтып өтөлү (1955-жылы туулган, Түп районундагы Түп айылынын тургуну): «Сегиз жашымда, чоң атамдын каза болгонуна бир ай болуп калган (чоң атасы – семетейчи Алмабек Тойчубеков (1888-1962). - Т.Б.) Чоң атам түшүмө кирип, эч үн-сөзсүз эле мени колумдан кармап, ээрчитип, Бакай атага алып келди да: «Таанып ал! Бул Семетей! Бул Манас! Айтып жүр!», - деп Бакай ата мага буйрук берди» (Ысык-Көлдөгү ыйык жерлер: касиет, зыярат, өнөр. – Б.: «Айгине» маданий-изилдөө борбору, 2009. 57-б.). Жогоруда Т.Асанов менен К.Алмабековдун мисалында берилгендей көзү өткөн жомокчулар да (Алмабек) «түшкө» кирип же «өңүндө» көрүнөт. Түшкө не өңүндө көрүнгөн кайып-арбактардын баары эле болочок жомокчу менен бет алып сөзгө келе бербейт. Көпчүлүк учурда «кайып болгон беш берен» гана ортомчу милдетин аткарат: Бакай, Каныкей, Семетей, Айчүрөк, Гүлчоро. Кээ бир кырдаалдарда ортомчунун кызматын аксакалчан карыя же көзү өткөн жомокчулар да аткарат. Ортомчулар, оболу болочок жомокчунун атынан чакырып, атчан же дасторкон үстүндө отурган баатырлардын бардыгы менен тааныштырып, өздөрүнүн кайда жол тартып бара жатканын айтып, анын атайын тандалып алынып, мындан ары жомок айтып жүрүшүн өтүнүшөт, буйрук кылышат, талап кылышат. Кийин, азык же буюм тартуулашат, денесине мөөр басышат, оозуна түкүрүшөт. Кээде тандап алган адамынан кайып-арбактар азык беришин, курмандык чалышын талап кылышат. Ал эми кайып-арбактардын тартуулаган азыктын негизги түрлөрү, бул: 1. Дан азыктарысүт азыктары; 2. Сүт азыктары; 3. Эт азыктары. Айрым бир учурларда кум жана суу да тартууланат. Арийне, азыктын түрү ички составы, белгилүү бир символикалуу маанини аткарып, келечекте жомоктун тигил же бул бөлүгүн («Манастын ата-бабалары», «Манас», «Семетей», «Сейтек» жана андан кийинки урпактары), бүтүн жомоктун мазмунун же айрым окуяларын айта тургандыгын түшүндүрөт. Башкача айтканда, тартууланган азык – бул болочок жомокчунун келечекте айта турган репертуары. Ал эми буюм-тайымдын берилиши – бул болочок жомокчунун келечекте башка жомокчулардын ичинен элей турган даражасы болуп эсептелинет. Буга карата залкар жомокчу Чоюке Өмүр уулунун (1864-1925) башынан өткөнүн айта кетели: «Илгери ышкын түптүн кабыгын сууга кайнатып, тери боечу турбайбы. Ошону алып келүүгө Өмүр (Чоюке манасчынын атасы. - Т.Б.) Молтойдун Казакбайына он төрт жаштагы Чоюкени кошуп бериптир. Жол жүрүп, Кызыл-Кыянын белине барышып, кабык аачый турган жерине келишет. Өзөк жалгашып, эки түп сары жыгачтын түбүнө жатып, экөө тең уктап калышат. Уктап жатканда түшүнө аксакал карыя кирет да, экөөнүн тең оозуна таруу куят. Молтойдун Казакбайы чочуп кетип, бүркүп жибериптир, өзү да кийин: - Эй, экөөбүзгө тең таруу куйду эле, Чоюке жаштык кылып чайнап жутуп, мен чочуп кетип бүркүп жиберип, кур калбадымбы, - деп арман кылчу экен. Таруу берген аксакал киши, Чоюкеге: - Мынабу Тулпар-Таштагы кырда кырк боз үй бар, ошол ар бир үйгө кирип чык, - дейт. Чоюке ар бир үйгө кирип, идиш окшогон тай туякка ар бир үйдөн айран ичип чыгат. Ал эми ортоңку үйгө кирсе, бир татынакай алачыктай ак байбиче берметин Чоюкенин колуна берип жатып: - Мына ушунун баарын санап чык. Санай албай, жетише албай калсаң, укум-тукумуңа таштап кет. Минген бээң боз экен, эки кап кум арттык, ошону төкпөй-чачпай үйүңө жеткиз. Бээң кулун салып койбосун, муну да байка, – дейт. Көзүн ачса баягы түш» (Буудайбек Сабыр уулу. «Эркин Тоо» №56-57. 26.08.95. 16-17-б.) экен дейт.
Чоюкенин урпагы болгон, жомокчу Шаабай Азизовдун (1927 (24) – 2004. Ак-Суу районундагы Үч-Кайнар айылы) айтуусу боюнча: «беш берендин» ичинен эң ардактуу жана үлкөн касиетке эгедери – Бакай. Түшүндө көрүп андан бата алгандар Манастын жети атасынан тарта, жети урпагына чейин айтат». Ал эми сунулган насип, сөзсүз түрдө болочок жомокчулар тарабынан жеп-ичилиши кажет. Анын ооз тийип, жарым-жартылай же калтырбай бүтүн бойдон жеп-ичиши, келечекте жомокту канчалык чыгармачылык деңгээлде айта тургандыгын аныктайт.
Жогоруда айтылгандай, болочок жомокчу менен кайып-арбактардын ортодогу байланышы ар дайым эле жай өтө бербейт. Байкоолорго караганда, кайып-арбактардын дааруу процессине өзгөчө эркек затындагы тестиер, өспүрүм, улан, жигит курагындагылар дуушар болушат. Мурда-кийин көрбөгөн мындай керемет окуя, болочок жомокчуну коркуу, чочуу, тартынуу, түшүнбөө, таң калуу, сүрдөө абалына алып келет. Демек, алар жомоктун мазмуну менен терең кабардар болбошу мүмкүн, болсо да кимдир бирөөлөр аркылуу жалпы маалымат алгандыгын түшүндүрөт. Ошондуктан кайып-арбактардын: «билесиңби?», «уктуң беле?», «айтасыңбы?» же «айт!», «айтасың!» деп, талап коюп, кыстаганы, жаш баланы коркуу сезимине жеткизип, «ооба», «жок» деп чукул айта салышы да ажеп эмес. Оозуна насиптин салынганы же буюмдун берилгендиги кайып-арбактардын баланы жомок айтууга милдеттендиргендиктин да белгиси. Ал эми айтпай койсо, ошол бойдон тим койбой, аны көндүрмөйүн кайра-кайра келип, талабын күчөтө бериши күтүлөт. Эгер «жок» деп, ниетин койбой, моюн сунбай турган болсо, бала кырсыкка чалдыгат, ар кандай ооруга туш болот. Буга карата жомокчу Шаабай Азизовдон мисалына кайрылсак: «Кара-Бөлтөктөгү (Ак-Суу районундагы Маман айылынын түштүк тарабында жайгашкан дөбө. – Т.Б.) Ак-Марчанын оозундагы Чоюке атамдын мүрзөсүнүн шилисине коюмду жаям. Күндөгүдөй көнүмүш адатым менен тузакка түшкөн чилдерди бирин мойнунан, кээ бирин бутунан канжыгага байлап камына баштаганымда эле Үч-Салаа жактан кыйкырык, сүрөөн салган, чубаган адамдар келе жатат. Биздин айылдын адамдары го? Жаман-Карагайдан отун алып келе жатышкан го дейм. Элдин карааны жакындагандан жакындай берет. Андан кийин эмне болгонумду билбейм, ошол жерде жатып калган экемин. Баягы кой-эчким короого келгенден кийин: «Бала эмне болду?» - деп, ата-энем издеп чыгышып, Кудук деген жерден мени таап, үйгө алып келишиптир. Көзүмдү ачсам төшөктө жатыптырмын. Жанымда отурган атам, менин эсиме келгенимди көрүп: «Аксарбашыл, аксарбашыл!» - деп, ыйлап жиберди. Бүткөн боюм оор тартып, салмактанат. Атам сүйүнүп, кой сое коюп, баабедин өткөрдү. Мен болсо тынч ала албай, бир жерге туралбай, өзүмчө эле элеп-желеп болом. Оозум өзүнөн-өзү кыбырап, ырдагым эле келет. Айылдагы элдер: «Шаабайга жин тийиптир» - деп,  айың сөз таратып жибериптир. Ырдайын дейм, уялам. Атайылап эл жок, ээн жер издеп, моокумум кангыча күпүлдөп алам. Ошондон кийин гана денем жибип, жеңилдеп калам.  Бир күнү: «Сени кечке бага беребизби, бол айт!» – деп, көк жорго минген, бир ак сакалчан адам пайда болуп, үйгө кирип келди. Ошондо оозумду бир ачканымды эс-мас билем, андан кийин эмне болгону эсимде жок. Көзүмдү ачсам, күн чыгып калган экен, эл топурап тарап жатыптыр. Ошондон кийин элдир-селдир айтып жүрдүм. Мына ошентип, чолуп-чолуп айтып жүргөнүмдөн  улам, бир жылча ооруп калдым. Мени көргөн, атамдын айласы алты кетип, эл чогултуп, мени кыйнап айттыра турган болду. Ошентип, тогуз жашымда анык айта баштадым. Көп өтпөй түшүмдө Чоюке атамды көрдүм. Үйдүн төрүн көрсөтүп: «Мынабу бурчта кум, мобу, седеп-мончок, ошолорду санап чыгып, элге айтып жүр», - деди. Экинчи, былкылдак куурай бышканда, күз убактысында, Чоюке чоң атам дагы түшүмө кирди, бир чоң ак боз үйдүн ичи экен. Чоюке атам айылдагы аксакалдардын баарын жыйып, жыйналыш өткөрүп жатыптыр. Жогору оң жагында Алмамбет баатыр, сол жагында Семетей баатыр турган экен, анан: «Болгон дасмыямдын баарысы Шаабайда калсын» - деп, Чоюке атам айтып калды» ((Буудайбек Сабыр уулу. «Эркин Тоо» №56-57. 26.08.95. 16-17-б.). 
Шаабай Азизовдун мисалынан улам, болочок жомокчунун «оорусу» узак убакытка, а түгүл бир нече ай, жылдар бою да созулаарын байкасак болот. Жомокчунун «оорусу» деп жатып, илимге кеңири белгилүү бакшы-бүбүлөрдүн (шамандардын) оорусу менен алмаштырбашыбыз кажет. Ооба, ортодогу окшоштуктардын бар экендиги күмөнсүз, бирок айырмачылыгы да кыйла. Бирок ошондой болсо да, кайып-арбактар дааруу аркылуу, изоляцияда калган талапкердин ички жан дүйнөсүн даярдап жана жомокчулукка жат, көрпендечилик сапаттарынан тазалоону, аруулоону, жомокчулук индивидуалдуулугун жаратып, Манас дүйнөсүнө киргизип, трансценденталдык күчкө ээ кылдырууну көздөйт. Бирок, болочок жомокчулардын баарысы эле ооруга чалдыга бербегендигин да баса белгилеп кетүүбүз зарыл. Оору, «Манас» айтууга моюн сунбай, кайып-арбактардын талабына баш ийбегендерге гана таандык процесс.
Оорунун ар кандай түрлөрү байкалат, көбүнчө - баш оору; жүрөгү айланып, улам-улам кусуу; жаны жер тартуу; талыкшуу; тамакка табит тартпоо; талма; депрессия ж.б. Бул тапта, болочок жомокчу жалгыздыкты каалап, айланасын курчаган адамдарга, турмуш-тиричиликке мамилеси кайдыгер, өзү да түнт болуп, ээн – адам буту баспаган мазарлуу жерлерге, күндүзү болобу, түнү болобу бир нече күнгө чейин эч кимге айтпай качып, кайып-арбактардын дүйнөсүндө жүрүүнү эңсешет.
Бул психикалык оор абалды, ал өзү түшүнбөй, башкаларга да түшүндүрө албай коюшу мүмкүн. Денеси өз калыбында козголбой кала бергени менен, жаны Манас дүйнөсүнө же Манаска тийиштүү ыйык жерлерге саякаттап кетет деп түшүнсө болот. Мындай абал, негизинен көпчүлүк жомокчуларга таандык көрүнүш. Тигил же бул кубулуштарды мурда-кийин көрбөгөн, укпаган болочок жомокчунун жакындары  аны «оорукчан» деп да түшүнөт. Баарынан кызыктуусу, профессионал медицинасы да мындай кесел-оорунун туура, так диагнозун коюп, терапиялык жактан дарылоого же жөнгө салууга кудурети жеткен эмес.
Бул процессти дагы, талапкердин жомокчулукка өтүү алдындагы кирүү сынагындай да түшүнсө болот. Кайып-арбактардын дааруу процесси жүрүп жаткан убакта, жаш талапкердин ата-энеси калыптанган жомокчунун колуна тапшырып, курмандыкка мал чалып, бата алышы парз.
Кайып-арбактардан, элден (сакалдуу жакын урук-туугандарынан), устатынан (калыптанып калган чебер жомокчудан) бата алып, эл ичинде «Манас» жомогун айтып калган күндөн тартып, талапкерге маал-маалы менен кайып-арбактар келип руханий күч-кубат берип, өмүрүнүн акырына чейин жылоолоп турат. Талапкердин «Манас» айта башташы менен оору процесси кайып-арбактар тарабынан басаңдап, токтотулат. Ооруну токтотуунун бирден-бир дарысы да ушул. Анткени «Манас» айтуу, жомокчунун негизги милдети. Бул Улуу жомок, айтуучунун сыртына чыгып, элге айтылып турбаса, ал ичиндеги «ийри жылаандай» анын ичинен жей берет.
Азыркы медицина, бул ооруга ар кандай невроздук, психопатиялык илдеттердин диагнозун коюп, түшүндүрүп келгени менен, ички жан-дүйнөгө мистикалык, метафизикалык күч-кубат да бере турган жогорку формадагы оору экенин так аныктай элек. Мындай «ооруну» жалпы адамзат анын ичинде кыргыздар дагы ар дайым эле бир жактуу түшүндүрбөстөн («кайып-арбак дааруу»), «жин дааруу» деп да кабылдашкан, расмий медициналык илимий сөз менен айтсак, «шизофрения» оорусу менен байланыштырып келишкен.

ЖАЙЧЫЛЫК КАСИЕТИ

Талантаалы Бакчиев

http://www.barakelde.org/muras/news:515/
«Манас» дастанында «жайташтын магиялык күчү менен аба ырайын өзгөртүп жиберүү кудуретине ээ кишини жайчы деп атайт. Дастанда көбүнчө аярлар жайчылык өнөргө ээ. Түрк-монгол элдеринин оозеки чыгармаларында күндү жайлоо жөнүндө көп айтылат. Мындай сюжеттик мотив «Манас» дастанында да орун алган. Жайчылык башкы оң каармандардын ичинен Алмамбетке гана мүнөздүү. Алмамбет бала кезинде Аберген деген көлдөгү укмуштуу ажыдаардан жайчылыктын, аярлыктын окуусун окугандыгы дастанда кеңири баяндалат. Ал жайчылыгы менен агыны кату суудан өзү тараптагы жоокерлерди аман өткөрүп, душманды суукка үшүтүп, жеңишке жетишкен учурлары болот. Анын жайчылыгы чоң казатта айрыкча элестүү сүрөттөлөт:
Каптап кытай келгенде,
Караандуу жоону көргөндө,
Күндүзү бүркөк, түнү ачык,
Ала канчык шыбыргак,
Алмамбет жайын салды эле:
Ошондо бөксөнүн башы мөндүрлөп,
Жаканын баары жамгырлап,
Асмандан булут сабалап,
Көктөн булут күркүрөп,
Жер жүзүнө камалып,
Тик каптаган кытай журт
Күн көрөргө зар болуп,
Согуш кылган чоң майдан
Найза бою кар болуп,
Жабылган кытай, көп манжуу
Ошондо кыңшылаган кыз болуп (С.Каралаев, 2 т. 194-б.)

Душман бир жагынан суукка тоңсо, экинчи жагынан Манас батыр баштаган кыргыз жоокерлеринин катуy чабуулунан кырылат. Дастанда жайчынын чагылдырылышы табияттын ар кандай кубулуштарынын ички сырларын үйрөнүүгө, аны адамдын эркине баш ийдирүүгө болгон ой-мүдөө болуп эсептелинет (С.Алиев. «Манас» энциклопедиясы. Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1995. 194-195-б.). Саякбай Каралаевдин вариантында Алмамбеттин жайчылыгы тууралуу дагы төмөндөгүдөй баяндалат:
            Айтканым кесир болбосун,
            Жайдын күнүн кыш кылам.
            Кийими жука кытайды
            Кыңкылдатып кыз кылам.
            Кыз кыла турган себебим:
            Ич этимден суп көйнөк
            Кийип келген болчумун,
            Ар арибин мен окуп,
            Билип келген болчумун» (С.Каралаев. Манас, ТАИ, КФ, инв. № 919, 1675-б.).

Ушул эле вариантта Алмамбеттин жайчылык өнөргө кантип, кайдан ээ болгондугу  жөнүндө төмөндөгүдөй баяндалат:
            Төмөнкү жалгыз көздүн элинде,
            Суук-Төр деген төрүндө,
            Аберден деген көлүндө
            Алтымыш баштуу ажыдаар
            Андан барып окуп кел,
            Күндүзү бүркөк, түнү ачык,
            Бурганактап шыбыргак
            Кубултуп күндү бузуучу
            Жайдын жайын окутат» (С.Каралаев. Манас, ТАИ, КФ, инв. № 919, 1673-б.).

Көпчүлүк учурда аба ырайынын өзгөрүшүнө таасир кылуу үчүн жайчылар магиялык күчкө ээ таш колдонот, ал жайташ деп аталып келген. «Коомдук өнүгүштүн алгачкы учурларында адам табияттын сырын билип, баш ийдирүүгө кылган аракетинен келип чыккан, жайташтын магиялык касиетке ээ экендиги жөнүндөгү шамандык түшүнүктүн пайда болушуна, биринчиден, эң алгачкы эмгек куралынын болушу, ал таштын көбүнчө суунун түбүндө же башка нерселерде орун алышы түрткү болгон. Жайташ моңголдордо «жада», «яда», казактарда «жайтас», якуттарда «сата» деп аталып, сыйкырдуу магиялык күчкө ээ таш катары сүрөттөлөт. Байыркы кыргыздардын ишениминде жайташ көбүнчө койдун же уйдун карынынан табылган. «Манас» дастанында жайчылык өнөр жылан-ажыдаар менен байланыштырылат. Мифтик мындай ишенимди дүйнө элдеринин оозеки чыгармаларында кеңири кездешкен суунун ээси жылан, ажыдаар болуп эсептелген белгилүү салтык сюжеттин бир элеси, көрүнүшү катары кароого болот. Жайташты пайдалана билүү үчүн анын окуусун окуу керектиги түрк-монгол элдеринин оозеки чыгармаларында көп айтылат (С.Алиев. «Манас» энциклопедиясы. Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1995. 194-195-б.). Саякбай Каралаевдин вариантында жайташтын аткарган кызматы тууралуу элестүү сүрөттөлөт:
            Алтын айдар, чок белбоо,
            Азизкандын жалгызы,
            Карыкандын жай ташын
            Чап жанынан алды эле,
            Бир чөйчөктөй кара суу
            Кур дегизе салды эле.
            Жаканын баары жамгырлап,
            Бөксөнүн баары мөндүрлөп
            Жайдын күнүн кыш кылды» (Манас. С.Каралаев 2 т. 194-б.).

«Семетейде» да жайташ согуш мезгилдеринде же бир зарыл учурларда колдонулат. Коңурбай, Мурадыл, Карагулдар кысталыш учурларда күндү жайлап, алай-дүлөй түшүрүп, изин жашырып кутулуп кетишет. Жайташты колдонгондо жайчылардын атайын окула турган магиялык күчкө ээ дубасы болгондугу да айтылат (С.Алиев. «Манас» энциклопедиясы. Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1995. 194-195-б.). Мисалы Бакай баш болуп Семетей, Канчоро, Гүлчоролор он төрт тулпар коштоп алып, Манастын кунун кууганы Бээжинди көздөй аттанып бара жатып азыркы Ак-Суу районундагы Боз-Учук дөбөсүнө түнөп жатып калганда, Кызыл-Кыяда чек араны кайтарып турган Коңурбайдын сакчысы Мурадыл аларды байкап калып, жай ташын көлгө салып, күндү жайлайт:
            «Жай ташты көлгө урду эле,
            Күндү жайлап турду эле,
            Булут ээси Бууракан,
            Мунун атын чакырып
            Жердин аты Желшамал,
            Мунун атын чакырып,
Кышта жүрчү булутту
Жайдын күнү крмады,
Эр Мурадыл чоң кытай
Эсеби жок жайлады.
Коктудан туман табылып,
Тоо-тоолордун башынан
Кара булут чамынып,
Оргочордун башынан
Оркоюп булут көрүнүп,
Бөксө менен зуулдап,
Көк кашка мөндүр төгүлүп.
Жер күркүрөп кыбырлап,
Асмандан көк кашка мөндүр шыбырлап,
Кумсарып булут бөлүнүп,
Асмандан аяктай мөндүр төгүлүп.
Караса көзгө илинбей,
Карарып жүрдү жөө туман,
Жердин жүзү көрүнбөй.
Жер бузулуп дүркүрөп,
Кокту-чуңкур жер менен
Кыян жүрүп күркүрөп,
Кара жар кулап, зоо агып,
Кыян каптап, тоо агып,
Чуңкурдун баары тыгындап,
Кашатты бузуп жыгындап.
Жайдын күндү кыш кылып,
Төрөңүздүн бетине
Төрт элидей муз туруп.
Он төрт аттын баарысы
Кулунча туйлап чыркырап,
Ноктолордун баарысы
Бырча-бырча үзүлүп,
Быт-быт чыкты быркырап.
Кең дүнүйө тар болуп,
Жердин бети ошондо
Тердиктен ылдый кар болуп.
Колотко, жарга жыйылып,
Жан-жаныбар, макулук
Мөндүр тийип кырылып» (Семетей: Эпос. Саякбай Каралаевдин варианты б-ча.  Ф.: Адабият, 2-китеп, - 1989. 152-153-б.).

З.Мамытбековдун «Отражение жизни и борьбы кыргызов в эпосе «Манас» аттуу эмгегинен төмөндөгүдөй кабар ала алабыз: «Жай таштын магиялык касиетине болгон ишеним якут, алтай, жана казак элдеринин элдик оозеки чыгармачылыгында кеңири кездешет. Жамгыр чакыра турган таш тууралуу окуялар – “Алтай Бучай” аттуу алтай дастанында, “Ер Косай” аттуу казак дастанында жана Фирдоусинин “Шахнамесинде” да сүрөттөлөт. Мына ушул жогоруда мисал иретинде келтирилген элдик оозеки чыгармачылыктагы магиялык ыкмалар жана ар кандай сөз, заттарды колдонуу  аркылуу табийгатка жана аба ырайына таасир этүү мүмкүнчүлүгү бар экендиги жөнүндө  ишеним жашап келген. Ал эми кыргыз дастанында эң зор жайчы катары Алмамбет баатыр сүрөттөлөт (З.Ч.Мамытбеков. Отражение жизни и борьбы кыргызов в эпосе «Манас» Б.: «Илим»150-б.). Ушул эле автордун дагы бир эмгегинде бул боюнча мындай маалыматты кездештиребиз: «Түрк элдеринин фольклорунда жай таш колдонуу өтө көп учурайт. Якуттар жай ташын «сата» дешип, (ал) ат, уй, аюу, карышкыр сыяктуу айбандардын ичинде болот. Эң күчтүү жай таш карышкырдын ичинен чыккан таш болуп саналат. Якуттар сата ташы менен шамандар жамгыр, жазында кар жаадыра, бороон, шамал чакыра билет дешет. Сата ташы якуттар жандуу нерсе деп ойлошот. Ал адамга окшош, көзү, кулагы, оозу дана көрүнөт. Аял же бөтөнкишинин көзүнө көрүнсө, ал өлөт, же кубатынан кайтат. Жандуу жай таш жогору чыкса, суук шамал болуп, өтө чоң кар, же жамгыр жаайт. Колунда жай ташы бар адам узак жолго чыкса, аттын жалына же куйругуна анны байласа, ат тердебейт. Шамандардын колуна жай ташты бүркүт берген имиш. Алтай шаманистеринде жайчы («ядачы») деген адамдар бар. Ядачы жай ташы менен жамгыр, кар жаадырып, бороон кыларына күчү жетерине алтайлыктар ишенет. Жай таш таза абалуу тоолордо болот дешет. Алар булл ташты колуна алыш үчүн, бүт малын, мүлкүн зарп кылат. 1861-жылы В.В.Радлов Алтайда, Абаканга жакын бир жерде саякат кылып жүргөндө, жамгыр жаап калат. В.В.Радловдун жанында болгон бир төөлөстүк (дөөлөс – алтай уруусу) жайчы жай ташын алып чыгып, бир кашык дары (урук) алып отко күйгүзүп, эки колун абага жайып, төмөнкүчө жайлаган:
Кайракан, Кайракан,
Алас! Алас! Алас!
Алаканча ачык бер,
Теменече тешик бер.
Ыйык кишинин үрөнүмүн,
Кедир жыгач уругумун
Абу, Тобу кийдирген,
Өлгөстөй, Кулдурак кыйкырган
Теңирдин киндиги жерде,
Жердин киндиги көктө!
Таш жыгач майды жактым,
Теңирдин жолун ач!
Алаканча ачып бер!
Теменече тешик бер.
Бийик тоону жандап өт!
Абакандын башынан өт!
Улуу кан! Улуу кан!
Алас! Алас! Алас!

Жай ташы Эне-Сай боюнда жашаган кыргыздарда байыркы убакта белгилүү болгону байкалат. Кыргыздардын түшүнүгү боюнча жай таш койдун курсагында болгон. Жайдын дубасы эл массасына гана эмес, жайчы кишинин өзүнө да түшүнүксүз болгон. Күндү жайлоодо ошол сөздөр сансыз ирет кайталанган. Мисалы, жайчы кырк чыбыкка кырк ирет жайы сөзүн (дуба сөзүн) кайталап, анан чыбыктарды сууга салган. Андан соң улам төрт жагына тегеренип, жайын (дубаны) кырктан төрт жолу айткан жайчы мүрзөнүн топурагын алып, ошону айта турган жайын (дубасын) кырк жолу айтып, топуракты асманга чачкан. Мындан тышкары жайчы дагы өзүнүн жайын (дубасын) жети миң жолу айтууга тийиш болгон. Жай ташын кыргыз эли байыртадан бери кургакчылык убагында жамгыр тилөө үчүн гана эмес, жоокерчилик убакта согуштук ык катары колдонулгандыгы «Манас» дастанында көп айтылат (З.Мамытбеков. «Манас» эпосун изилдөөнүн кээ бир маселелери. Ф.: 1966. 75-77-б.).

Кыргыз элиндеги жайчылык касиетти бүгүн да кездештиребиз. Бул тууралуу биз Жети-Өгүз районундагы Кичи-Жаргылчак айылынын тургуну жайчы Жамгырчы кызы Калыйман Данакееваны (1940) мисалга тартсак, 2008-жылы «Айгине» маданий-изилдөө борбору тарабынан Талас облусундагы Нылды-Ата мазарында өткөрүлгөн «Рух көрөңгөсүн сактайлы» аттуу семинардын катышуучусу Калыйман Данакеева элдин өтүнүчү боюнча, дөбөгө чыгып, арканды колдонуу менен күн өзгөртүп, жамгыр жаадырганына семинардын бардык катышуучулары күбө болушкан (04. 06. 2008-ж.).
Ысык-Көл районундагы Темир айылынын тургуну Шайакун кызы Мырзакан  Сатылганованын (1951) айтуусу боюнча, тайкеси Садыр Табылды уулу (Мырзакандын энесинин бир тууган агасы) атактуу жайчы болгон. Ал өмүр бою Жети-Өгүздүн Чычкан айылында туруп кийин гана жашы өтүп калганда Каракол шаарында балдары менен туруп калган. Айылдыктар Садырды тергеп аке деп тергешчү. Кургакчылык мезгилдерде Садыр чоң таштын үстүнө чыгып, дуба окуп күндү жайлап, жамгыр жаадырчы экен. Жайчы Садыр Улуу Ата Мекендик согуш жылдары (1941-1945) каза болгон дейт жээни Мырзакан. Анын көзүнүн тирүүсүндө үйүндө турган даарат алчу кумганына кут түшүп кийин таштай болуп уюп калган. Азыркы күндө да ал кут балдарынын үйүндө бекем сакталып турат. Жээни Мырзакандын дагы бир айтуусу боюнча Садыр өтө окумал, сабаттуу киши болуптур. Анын үйүндө араб арибиндеги көптөгөн эски китептер ар дайым бийик текчеде турчу дейт.

Жогорудагы айтылгандарга улай кетчү нерсе, жайчылыкка үндөш дагы бир өнөр ээси байкалат. Андай касиетти алып жүрүүчүлөр дубанын (көпчүлүк учурларда «Курандын») күчү менен кайсы бир табигый кубулуштарды, материалдуу заттардын, жан-жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн турпатын, абалын, нугун өзгөртө ала тургандар, мисалы: шар суунун агымын токтотуу же тескери агызуу, жерге өрт жиберүү, атылган окту токтотуу, баш кийим учуруу ж.б.у.с. Биздин оюбузча бул өнөр жайчылык касиети менен кандайдыр бир деңгээлде жакын тургансыйт, бирок терең иликтей келгенде, бул эки касиет бири-биринен кескин айырмаланып турат, себеби жайчылыктын негизги аткарган кызматы магиялык жол менен (белгилүү бир аспапты колдонуу аркылуу, дуба айтуу аркылуу) аба ырайын гана өзгөртүү менен чектелет. Албетте, жайчылар күн жайлагандан сырткары кошумча дагы башка өнөрлөрдү алып жүрүшкөн, мисалы: төлгө ачуу, алдын ала айтуу, алдын ала көрүү же сезүү ж.б.

Корутундулай келгенде, жайчылык жана анын тегерегиндеги маселелер келечекте жакындан байкоо жүргүзүүнү, изилдөөнү талап кылат. Ал эми буга карата манилүү бир нерсени эске алуу абзел, бардык эле жайчылар өздөрүнүн касиетине ар дайым күбө катыштыра бербейт жана баарына эле касиет сырын ача бербейт, бул түшүнүктүү (муну биз Калыйман Данакееванын мисалында байкадык). Себеби, бул касиет адамдын аалам, табийгат мыйзам ченемдерине кийлигишүүсүн, өзгөртүшүн талап кылат. Ошондуктан болсо керек, мындай касиет ээлерин кездештирүү өтө кыйын. Мындай касиет татыктуу колго гана өткөрүлүшү милдет жана аяр мамилеге муктаж.

МЕНДЕГИ МАНАС ЖАНА ЭЛДЕГИ МАНАС

Жыргалбек Касаболотов
(Агайларга ачык кат, жарандарга жалпы кат)

Бул сөздү баштаганга айтылуу манасчы Дөөлөтбек Сыдыков инимдин айтып берген окуясы биротоло түрткү болду. Анын айтымында, илгери Саякбай атабыз Манас айтып атып, кытайлар кырган сайын көбөйө бергенде айкөл Манас баатырың акыры пулемет ала коюп баарын чайкап салгандай кылып бүтүрүптүр да. Баягыны угуп аткан кадимки Түгөлбай аксакал Ыя Саке, Манастын учурунда пулемет болду беле? Чындыкка жакындашпай калды го, ушунуңуз туурабы? деп сураса Саякбай атабыз карап туруп: Анан кытайлардыкы туурабы? деп бурк этип коет дейт.

Урааным Манас, улутум кыргыз. Мекенчил ини-карындаштарымдын, улутчул кыргыз жаштарынын уюмунан тараган ушул сөз мага келмедей туюлат. Бир эсе каниет кылып, уучубуз куру эмес экен деген сыймык жаратып, илгери үмүт арттырып, бир эсе ушуга чейин элиме жарытылуу кызмат кылып бере албаганым үчүн арымды козгоп, жаныма жай бербейт. Мендеги Манасты ойготуп, канча кылымдан бери камакта калган кабылан күркүрөп, капастан чыгаар жолун издейт.

Жазганымдан майнап чыккан жок деп жазмышка баш ийип, же биротоло жазбай эле түптүз барып Абыке, Көбөш арамдардын алмадай башын кесейин десем – артымдан чыгаар элим жок, шиберге койсо өрт кеткен, шилтегени мүрт кеткен кылычым жок, айла жоктон тынч оокат кылып, убакты-сааты чыккан учурун күтүп жаттым эле. Ал учур жакындады. Көп күндөн бери өзүмө өзүм батпай, мендеги Манас мага тынчтык бербей жанар тоонун көзүндөй кайнап чыктым. Айтпасам сөздүн атасы өлчүдөй.
Кылымдардан бери төгүлүп-чачылып, бирде буркан-шаркан түшүп ээ-жаа бербей, бирде бир кулач арыктын көзүнө батып кетип, айтор аккан суудай учугу үзүлбөй ушул күнгө жеткен кыргыз үчүн чоң сыноо келди. Балким кыргыз тарыхындагы эң маанилүү сыноо. Манастын ЮНЕСКОдо Кытайдын атынан катталышы бул автордук укук мыйзамынын же эл аралык бюрократиянын гана маселеси эмес. Бул чындап келсе кыргыз эли, кыргыз мамлекети же биротоло жок боло турган, же кайрадан жандана турган, тагдыр чечээр кыйчалыш мезгилдин кашкайган белгиси.

Манас атабыз ким өзү? Аны ар бир кыргыз ар башка түшүнөт. Айрымдары жомоктогу жок нерсе катары көрөт, башкалары дагы башка… Менин жүрөгүмдө кадимки баатыр Манас жашайт. Ал байыртадан келаткан Улуу сөздөн пайда болгон, башым менен кошо жатат, балам менен чогуу жетилет. Сүт менен кирген сөөк менен чыгат. Мен аны жомок эмес, чыныгы Манас деп билем.

Улуу сөздүн өзүндө Манас атабыз ким эле? Малдын туягынан, күпүйүм оокатынан башкага анчейин кызыкпаганы үчүн касиеттүү Акбалтанын жемесин далай уккан бай Жакыптын баласы болгон. Атасынын тыйганына карабай эл үчүн жаштайында жоого аттанып, катылгандын катыгын берген, алдуунун алы жетпеген, күчтүүнүн күчү келбеген, ай ааламды буй кылган теңдеши жок жоокер болгон. Кулаалы таптап куш кылган, курама жыйып журт кылган, чачылганды жыйнаган, үзүлгөндү улаган, үмүтү соолгон кыргыздын өчкөн отун тамызган, өлгөн жанын тиргизген журт башы болгон. Азыркынын тили менен айтканда идеал лидер, тандап алган жолу боюнча абсолют жоокер, позициясы боюнча биринчи иретте мекенчил жаран болгон. Анткени кыргыз эли байыртадан көчмөн демократиянын мыйзамына баш ийгендиктен, элди коргоп, эл баштай ала турган, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн башын сайган баатырларын гана кан шайлаган. Ошолорго ишенип, ошолорду даңазалап, кийин кылымдар бою ошондой баатырларды эңсеп келген.

Манас атабыз тынч жатып дин тараткан пайгамбар болгон эмес. Осуят айткан олуя болгон эмес. Бежиреп жумшак сүйлөгөн, сөзүнүн касиети жок үлпүлдөк интеллигент болгон эмес. Мейли, эл-журтумдун кызыкчылыгына доо кетсе кетсин, эптеп жанга тынч болсо болду деген бүгүнкүдөй конформист болгон эмес. Байыркынын баатырлары эрегишке келгенде чогоол сүйлөп чорт болушкан, абалкыдан кеп баштап, акырын сүйлөп бек таштап койгон, намыс үчүн акыры башка бир өлүм деген тайманбас эр жигит катары элдин эсинде калышкан. Алыска ат ойноткон, куралына кол ойноткон. Баатыр болсоң катуу бол, жоо жанынан түңүлсүн деген эр мыйзамы ошондон калган. Манастын өзү турган турпаты менен принципиалдуулук, патриоттук, даярдык. Андыктан улуу сөзүбүздүн эрдик сыпатын, жоокердик духун жокко чыгарып жымсалдап, өзүнчө эле сыпайы-сылык көрсөтүү аракети түбүнөн туура эмес. Ал касиетттүү Манас атабыздын элесин бурмалап, эр жигитке сулуу кыздын кийимин жаба салып, оозун боегенго барабар. Манастын маселесине, же кадимки Манас үчүн маанилүү болгон эл-жер, мамлекет маселесине келгенде түз жолдон тайып, кой, жумшарталы, тигилер эмне дейт, кокуй, тигилер жаман ойлоп калбасын, дипломат бололу деп тайсалдап тургандын өзү Манастын тирүү арбагын шылдың кылууга тете. Антип Манастан калган улуу сөздү дагы, Манастын принциптерин да коргобой эле коюш керек. Андай сөздү сүйлөп атып Манасты оозанбай эле коюш керек. Азыркыдай тагдыр чечээр маалда мен муну руханий мажирөөлүктүн эң начар көрүнүшү деп түшүнөм. Антип мендеги Манасты, балким жалпы элдеги Манасты иренжитпегиле. Касиетти качырбагыла.

Касиет демекчи, акыр заман болоордо көзү ачык көбөйөт дечү эле. Улуу сөздү кыргыз кулундары гана айтканына карабай туруп, Манас адамзатка ааламдан түшкөн акыл-эс деп, мен айрымдарын башынан бери сыйлаган өзүбүздүн агай-эжейлер чыкты. Атаганат, тилде сөөк жок экен, айтылган соң сөз жарыктык тарап кете берет экен, кайыптын ишин кадимки адам текшере албайт экен. Андыктан акыйкаттын бирден-бир чен-өлчөмү практика деген принципке таянбашка айла жок. Башкасын билбейм, мен үчүн адамзатты кое туруп, кыргызга жарыгы тийсе деле аз болбойт эле. Анткени канчалык ачуу болсо да чындыктын көзүнө тике караш керек. Азырынча мен иш жүзүндө Кыргызстаныбыз дүйнөнүн энергетикалык борборуна айланып, же башкаларга үлгү болчудай жагдайын көп деле көрө элекмин. Элибиздин жарымы тентип, жарымы башканын тилинде сайрап кетсе, жерибиз менен көзүр болгон көрүнүктүү тармактарыбыз итбекер сатылып атса, өлкөбүздү чоочун фирмалар башкарып атса, Кытайга Мааникерди бербеген кыргыз башкасын кой, Манастын улуу сөзүн талашканга даай албай атса кайдагыны сүйлөп атабыз? Эмнени айтып элдин башын маң кылып атабыз?

Урааным Манас, улутум кыргыз. Азыркы учурда жамы журтка кадимки Чоң казат керек болуп калды. Чоң казат деген сөз Улуу дастанга кийинчерээк эле кыргыздар исламдаша баштаган кезде кирген экен. Ага чейин башкача айтылып, идеясы да башкача болсо керек. Азыркылар көбүнчө диний маанисине тартып газават же жихад дешет, аны кыргызча которгондо жүрүш деп билсе болот. Дүйнө элдеринин көпчүлүгү туура эмес түшүнгөндөй, жихаддын негизги мааниси каапырларга каршы согуш эмес, өзүңдөгү кемчиликтер менен күрөш экени кийинчерээк айтылып келатат. Анын эң туу чокусу адилетсиз башчынын туура эмес кылыктарын бетине айтуу дешет. Андай сөздү болушунча эле айтып келатабыз. Болгону ошентип жалаң эле бир ууч адамдар айта бербей, башкаларыбыз да үн кошолу, айтып эле тим болбой, ар нерсеге даяр туралы, абалды өзгөртүүнүн жолдорун табалы. Өзүнүн ит адаттарына, тегеректеги адамдардын маңкурттугуна күрөш ачкан, колу-жолу булганбаган, ичпеген, чекпеген, ууру кылбаган, ушак сүйлөбөгөн, богооздуктан баш тарткан, эр өнөрүн сыйлаган, башкаларга үлгү болгонго жараган сергек, улутчул жарандар биригели, мекенибиздин келечеги үчүн башыбызды саялы, акка моюн суналы. Муну дин эмес, улут үчүн, мекен үчүн айтылган билдирүү деп түшүнгүлө.

Урааным – Манас, улутум – кыргыз. Адамзат диндеринде Кудай ар бир адамдын жүрөгүндө деп таанылган. Анын сыңарындай, Манас, анын иши, идеялары ар бир кыргыз атуулунун жүрөгүндө жашаганда гана Манастын түпкү максаты жүзөгө ашат. Манас биринчи иретте кыргыз үчүн, айрыкча Кыргыз мамлекети үчүн керек. Символ даражасында көтөргөн туу, жамы журтту бириктире турган күч, түбөлүктүү мамлекеттик стратегия катары керек. Иш жүзүндө анын канчанчы кылымда жашаганы, прототиби ким болгону, сөөгү каякта жашырылганы маанилүү эмес. Анткени Манас тарыхтагы конкреттүү адамдын масштабынан капкачан чыгып, жалпы улуттук идеяга айланып кеткен. Кыргыздын бир да баласы өз бетинче турганда Манас боло албайт, бирок ага умтулбаса кыргыз да боло албай калат. Эгер ар бир кыргыз жараны күпүйүм оокатын ойлобой, мекенин ойлосо, ойлоп эле тим болбой, ал үчүн ар нерсеге даяр турса, даярданып эле жатып калбай, иш жүзүндө далилдесе – Манас атабыз тирүү. Жок, кыргыздын көбү маңкурт болуп кетсе, башканын тилинде сүйлөп, башкага дилин берип, кайдыгерлик жолго түшсө – анда Манастын да, кыргыздын да чындап өлгөнү ошол. Муну ойлогондо демек азыркы Манас терең уйкуда же жарадар деп элестетем. Жаным кейип, азыр эле түрткүлөп ойготкум келет. Түгү бетине чыгып, түмөндөгөн душманга түгөл кирип кол салып, элине азаттык, жеңиш, намыс алып келе турган күнүн эңсейм. Анан ошонун баары өзүбүздүн мойнубузда экенин түшүнгөндө бул иштин канчалык жоопкерчиликтүү, оор экенин түшүнөм. Бирок анын баарын биз жасашыбыз керек. Келгиле, ошентип биздеги, ичибиздеги Манасты чогуу ойготолу, кошоматчылыктан, ач көздүктөн, маңкурттуктан, чыккынчылыктан, жалган сөздөн жарат алган жерлерин дарылайлы. Ошондо гана кыргызды сактай алабыз.

Мынчалык терең уйкуга кеткен, төбөлдөрүнө нааразы болгон, уулдарына ичи чыкпаган Айкөлдү ойготуп атка мингизиш үчүн кырк бир күн Манас айттырыш жетишсиздик кылат. Жөн эле манастап ураан чакырыш да жетишсиздик кылат. Ойготуш үчүн мендеги Манас, сендеги Манас биздеги Манаска, кийин элдеги Манаска айланышы керек. Сандан сапатка өтүшү керек. Кыргыздын ар бир уулу Манас болууга умтулуп, ошонун камын көрүшү керек. Кыргыз эли өз өлкөсүнүн ээси экенин эстеп, улут тагдырына түйшөлүп, мамлекеттин келечегин ойлонушу керек. Башында турган бийлигин эле эмес, башын сая турган жоопкерчилигин да кошо көтөрүшү керек. Ар бири! Бул абдан узак жол. Бирок бул кантсе да Манастын бирден-бир улуу жолу.Ойгонсун, элдеги Манас!

"МАНАСТЫН" МЕКЕНИ КЫРГЫЗСТАН!

Талантаалы Бакчиев

1992-жылдын 26-июнунда «Манас» эпосунун 1000 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү тууралу Кыргыз Республикасынын Президентинин сегиз пунктан турган Указы жана БУУнун жана 1994-жыдын 5-октябрында БУУнун Генералдык Ассамблеясынын 49-сессиясынын Экинчи комитетинин күн тартибинин 12-пунктунда Кыргыз улуттук «Манас» эпосунун 1000 жылдыгын майрамдоо боюнча төрт пункт кабыл алынган эле. Ал эми БУУнун билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча уюму – ЮНЕСКОнун конференциясынын 27 с. 10 22 резолюциясына таянып, 1995-жылды кыргыздын улуттук «Манас» эпосунун 1000 жылдыгы майрамдалчу жыл деп жарыялайт. Дүйнөлүк алкакта өткөн бул маданий-саясий иш-чара аркылуу «Манас» дастаны Кыргызстандын жана Кыргызстан элине таандык руханий мурас экендиги тууралу ой дүйнөлүк коомчулук алдында бекемделди деген ишеним бар эле. Бирок өткөн жылдын соңунда Кытай Эл Республикасы (КЭР) тарабынан «Манас» дастаны кытайлык кыргыздардын «дүйнөлүк адамзаттын оозеки жана руханий мурасынын баалуулугу (шедеври)» деп Бириккен Улуттар Уюмунун билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча уюму – ЮНЕСКОго сунушталып жана ЮНЕСКО тарабынан кабыл алынгандыгы Кыргызстан элин аң-таң кылды. Бул маселе боюнча өлкөбүздүн массалык маалымат каражаттары аркылуу ар кандай ой-пикирлер айтылып келүүдө: 1. дээрлик көпчүлүгү Кытайдын мындай кылган кадамына кескин каршы экендиги билдирип, «Манас» бир гана Кыргызстан тарабынан сунушталышы керектигин айтса; 2. Кыргызстандын айрым бир жарандары болсо, КЭРдеги кыргыздардын ниетин жана аракетин эске алып, тура түшүнүп, ЮНЕСКОнун аты аталган номинациясына Кыргызстан менен КЭР – эки мамлекет тарабынан сунушталгандыгын туура көрсө; 3. дагы кээ бирөөлөрү, маселенин Кыргызстандын тийиштүү органдары тарабынан мурда көтөрүлбөй келгендигин айыптоо менен айтып жатышат.
Маселе ачыкка чыгаары менен, көп өтпөй Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында атайын комиссия түзүлөт. Ал эми «Манаска» жана кыргыз элинин келечегине кайдыгер эмес караган бир катар мамлекеттик эмес уюмдар, көркөм адабият, көркөм искусство, илимдин өкүлдөрүнүн жана жеке адамдардын демилгеси менен «Манас Эл» элдик кыймылы түзүлүп, Кыргыз Республикасынын Президентине, Жогорку Кеңештин Төрагасына кайрылуу жолдойт. Ал эми кечээ жакында эле, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын, Маданият агенттигинин, Интеллектуалдык менчик боюнча агенттигинин жетекчилиги, Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын, Президенттик  Аппараттын өкүлүнүн, «Манас Эл» элдик кыймылынын катышуусу менен аталган маселе боюнча кызуу талкуу өттү.         
«Манасты» дастан кылып оозго алып, айтып жана бүгүнкү күнгө чейин жеткирген кыргыз элинен чыккан манасчылар экендиги талашсыз. Ал эми манасчылардын мекени, уюткусу Кыргызстан экендиги айныксыз чындык болсо дагы, бүгүнкү күндө ал суроолуу маселеге айланып турат. Андыктан мына ошол маселенин тегерегенде сөз козгомокчубуз. Арийне, бул маселе жөнүндө кеп кылып жатып, биз Ала-Тоонун аркы-берки бетинде жайгашкан бир элди бөлүп-жаралы же ортого чок салалы деген ойдон таптакыр алыспыз. Ошондой эле кайсы бир тарапты төмөн же жогору коёлу деген ойдон да оолакпыз. Бар болгону иликтөө, салыштыруу жолу аркылуу маселенин чын-төгүнүн аныктап көрөлү деген гана ак ниет менен төмөндөгү материалга кайрылмакчыбыз.
Тарыхый жана саясий шарттарга байланыштуу Кыргызстандан сырткары кыргыз элинин чоң диаспорасы КЭРдин Чыгыш Түркстан өрөөнүндө жашап жаткандыгы белгилүү. Мына ошол себептүү, азыркы күндө «Манас» дастаны айтылып жана улам бир жаңы вариантта жаралып жаткан жерлер бул – Кыргызстан жана Кытайдын Чыгыш Түркстанында кыргыздар отурукташкан аймактары. Айтаарыбыз иреттүү болушу үчүн алгач ирет Кытайлык кыргыздардын манасчыларына назар салалы.     
КЭРдеги манасчылардын дээрлик бардыгы Кытайдын Чыгыш Түркстанындагы Шинжаң уйгур автоном районуна караштуу Кызыл-Суу кыргыз автоном областы менен Шинжаң уйгур автоном районундагы Иле казак автоном областындагы Көк-Терек кыргыз автоном айылы менен Шаты айылынан болот (Кытайдын административдик-аймактык тартиби боюнча област райондун карамагына кирет). Ал эми бул эки аймакта жашаган кыргыздардын саны 180 миңге жетет. 
Кызыл-Суу кыргыз автоном областындагы эң көрүнүктүү манасчы – Жусуп Мамай (черик уруусунан) болсо, Иле казак автоном областындагы эң көрүнүктүү манасчы – Сатыбалды Аалы (бугу уруусунан) эсептелинет.
Албетте, аты аталган бул эки манасчыга чейин деле кыргыздар отурукташкан Кытай жергесинде Жусупакун, Ыбырайым, Эшмат, Эшимбай, Темир сыяктуу манасчылар да өмүр сүргөн экен.   
Азыркы КЭРдин Кызыл-Суу кыргыз автоном областына караштуу Ак-Чий ооданындагы Кара-Булак айылынын Ат-Жайлоо конушунда 1918-жылдын 4-майында жарык дүйнөгө келген Жусуп Мамайдын жазуусу (айтуусу эмес) боюнча азыркы күндө 8 муундан (бөлүмдөн) турган “Манас” дастаны кыргыз, кытай тилдеринде китеп болуп жарык көрдү - “Манас» – 50 миң сап ыр, «Семетей» – 37 миң сап ыр, «Сейтек» – 25 миң сап ыр, «Кененим» – 34 миң сап ыр, «Сейит» – 11 миң сап ыр, «Асылбача-Бекбача» – 30 миң сап ыр, «Сомбилек» – 11 миң сап ыр, «Чигитей» – 12 миң сап ыр. Ошентип, кытайлык манасчылардын ичинен эң көлөмдүү деп эсептелинген Жусуп Мамайдын толук варианты 210 000 сап ырдан турат (кээ бир маалыматтар боюнча 265 000 сап ырдан турат). Бул жагынан алганда, Жусуп Мамайдын варианты, бөлүмдөрү жагынан кыргызстандык жана кытайлык башка манасчылардын кагазга түшкөн варианттарына салыштырмалуу көбүрөөк болгону менен көлөмү жагынан кыргызстандык манасчылар – Мамбет Чокморовдун (1896-1973) вариантынан бир кыйла аз (Мамбет Чокморовдун варианты – 397 557 сап ырдан турат) жана Саякбай Каралаевдин (1894-1971) вариантынын жарымын гана түзөт (Саякбай Каралаевдин варианты – 500 553 сап ырдан турат).
Жусуп Мамайдын кантип жана кандай жолдор менен «Манас» дастанына кайрылып калгандыгы тууралу кеп козгоп, сөзүбүз ишенимдүүрөөк болушу үчүн оболу анын өз оозунан жазылып алынган маалыматтарына көз чаптыралы:
«Биздин үчүнчү атабыздан мурункулары ушул эле Ала-Тоо боюн жандап, Наманган, үстү Боз-Бел, Кырк-Мойнокту жердеп жүргөн экен. Ошерден жылышып отуруп Ошко келип, аерден батыша албай, Ат-Башыга барып, бир теңи Ат-Башыда калыптыр, бир теңи андан ары ээн экен, Какшаал бети кара болот экен, мобу кадимки Кочкор тараптай. Ошоякка оошуп барып отуруп калыптыр. Ошоякка барган жылы анык, 1704-жылы барган экен.  
Эми силер быякта атактуу Сагымбай, Саякбай чыкканын билесиңер. «Булардыкы үчтөн-төрттөн том болду эле, бу жүдөгөн абышка кайдын барып сегиз том таап алды, же башкалардыкын көчүрүп алып эле менин «Манасым» деп жүрөбү», деген ойго да кетээриңер мүмкүн. Эми угушубузча ал аталарыбыз түш көрдүк, түшүбүздө Манас жолукту, Бакай жолукту, же буудай берди, же тару берди, анан ошондон арбытып айтып калдык дешчү экен. Эртеден кечке бирөөнү дегдеп жүрсөң ал кечинде түшүңө кирбей койбойт. А түштөкүнүн баары эле ошол ойдогудай чыга берсе анда дүнүйө так болуп кетпейби (Жусуп Мамай: «Бар бололу агайын журт!» «Ала-Тоо» журналы №3 март, 1990. 138-б.).
«1934-жылы агам Балбай кара булгаары кайыш куржунду биздин үйгө алып кирди. Куржундун ичин ачып мындай деди: «Мына, сегиз урпак «Манас». Мындан мурун сага бирден китеп берип жүрдүм эле. Бүгүн баарын сага берейин. Анан бул китептерди жыйнаш чараларын мындай айтты:
«1916-жылкы чоң качкында (Улуу Үркүндү айтып жатат. - Т.Б.) келген элдерден угуп, ар кандай киши «Манасты» канча билем десе ошончо жазып алдым. Кээ биринде кол жазма бар экен, аны сатып алдым. Мен жазгандарым, ар кимден сатып алгандарым Чоюке, Шапак, Таабалды, Дыйканбай, Балык (Балык манасчы Үркүндө Кытайга барышы эч мүмкүн эмес эле, себеби ал 18-19-кылымдарда жашап өткөн. – Т.Б.), Найманбай ата-бала, сарыбагыш Мамыркан молдо сыяктуу кишилер көп болгон. Айтылган сөздүн көбү бирдей окшош. Тыныбектин айтуусундагы «Семетей» басмадан чыккан экен. Семетейдин Үргөнчкө барып суу кечкен жери бар. Калганы жыртылып жок экен. Тыныбектин баласы Актандан алдым (Ал китеп «Семетейден бир бөлүм. Тыныбек жомокчунуку» деген ат менен 1925-жылы Москвадан «СССР элдеринин борбордук басмасынан» жарык көргөн. 184 беттен турган жөнөкөй боз мукабалуу бул китеп кара кыргыз илим комиссиясы тарабынан чыгарылып, араб ариби менен басылган, кийин бул китеп кириллица арибинде 1994-жылы «Ала-Тоо» басмасынан Бишкектен чыккан. - Т.Б.).
Сагымбайдын айтуусу боюнча Алмамбеттин Көкчөдөн чыгып Манаска келгиче болгон аралыгын ак молдо Ыбырай (фольклорист Ыбырайым Абдрахманов (1888-1967) жөнүндө сөз болуп жатат. – Т.Б.) жазган экен, Чалбай аркылуу Ат-Башыдан алдым.
Энесай боюндакы Кал Мамайдан тартып Семетейге, Сейтекке чейинкилерин Какшаалдакы кытай кыргыздарынын жомокчусу Жусупакун Апай уулунан өз колум менен алдым. Кириштирдим, кураштырдым. Көп аракет кылдым. Жер, эл, баатырлардын аттарын жомок боюнча алдым.
1917-жылы чоң энемдин иниси болгон Ыбырайым таганы көчүрүп келип жайдын күнү киши жок жерде жаздым. Кыштын күнү айрым тамга кирип алып, сен он жашка чыкканда бүтүрдүм (Жусуп Мамайдын жашын айтып жатат, демек 1928-жыл. – Т.Б.). Ыбырайым тагам болсо жарымын кеп, жарымын ыр менен айтты. Мен көбүн ырга айландырдым.
1917-жылы Арзыкан бийдин айылында Кара-Чийде бир топ кишилерди калыс коюп, Сагымбай менен Жусупакундун өткөн айтышында, көпчүлүктүн сөзү, көз карашы, өзүм да Жусупакунду жактырып, айтканын толук алдым.
Тыныбектин «Семетейинин» көбү жок. «Казактардын бузулушу», «Сыр коргондун камалы», «Байтайлактын өлүмү», «Коңурбайдын Семетейди өзү чакырып барып, өлтүрөм деп өзү өлүшү», «Күрпүлдөктөгү Кызылуюк дөө», «Жалгыз көздүү Мадыкан», «Жамгырчынын өлүмү», «Буурулдун бутунун сынышы», «Гүлчоронун Жубатайды өлтүрүшү» буларды Жусупакундун айтуусу боюнча «Семетейге» коштум» - деген эле Балбай агам.
Улуу-Чаттагы чоң жомокчу Эшмат ага айтчу: «Жусупакун Апай, сарыбагыш Сагымбай Орозбак (бул жерде туура эмес айтылган, Сагымбай Орозбаков саяк уруусунан болот. – Т.Б.), мен Эшмат - үчөөбүз жомок үйрөнөбүз деп Жапыйдын уулу Тыныбектин балтасын чаап, жылкысын багып, калтасын кагып, төрт жыл жүрдүк. Сырт эли, черик эли Сагымбай менен Жусупакунду жомок айттырып жүрүп, жомокчу атандырды. Биздин чоңбагыш андай иш менен кери жок».
Мен Балбайдын жазган жазмасынан үйрөндүм. Толук эмес. Бешинчи урпак Сейитимдин тегин таштап айтыпмын, эми жазып толуктадым. Эшматтын айтуусунда: «Сагымбай молдо эле, жуптап шыбыргактатып айтуучу эле. Жусупакун айтканда сөздүн агымына карай аракетин өзгөртүп элди кызыктырчу экен».
Мен айткан бул «Манас», агам Балбайдын ар кайсы варианттарды улап жазганы. 1978-жылдан бери карай улам унуткан жеримди эстеп, толуктап олтуруп бүгүнкү күндө сегиз урпак «Манасты» алгачкы иретте кагаз бетине түшүрүп болдум» (Жусуп Мамай. «Мен «Манасты» кандай айтып калдым?» «Манас» эпосу жөнүндө: Илим. Иликтөөлөр ж-а макалалар. Жусуп Мамай, Сакен Өмүр, Ырысбек Абыкан ж.б. Түз. К.Кырбашев. – Б.: Шам, 1994. 5-12-бб.).
Эми Кыргыз Республикасынын «Эл артисти» деген бийик наамды жана 1-даражадагы «Манас» орденин алган Жусуп Мамайдын жогоруда айткандарын жокко чыгарбай, бир аз да болсо талдап өтөлү. Кыргыз элинде ар качандан бир качан «аян алмайын адам манасчы боло албайт» деген терең ишеним өкүм сүрүп келген. Бул ишеним ортодогу СССР доорундагы атеизмдин катаал саясатында да өзүнүн актуалдуулугун жоготкон эмес. Азыркы күндө болсо манасчылык өнөрүнүн келип чыгуу маселеси расмий илим тарабынан жаңыдан колго алынып жатат. Эгер элдик ишенимге таяна турган болсок, анда «Манас» дүйнөсү тарабынан аян алмайын, арбак дааруу процессинен өтмөйүн, адам «Манас» айта да албайт, нагыз манасчы да боло албайт. Ал эми Жусуп Мамайдын мисалында, ал «Манасты» агасы Балбай Мамайдан (1893-1937) Жусупакун Апайдан (туулган-өлгөн жылдары белгисиз), Ыбырайымдан (туулган-өлгөн жылдары белгисиз, Ыбырайым Абдрахманов эмес), Тыныбек Жапый уулунан (1846-1902), Сагымбай Орозбаковдон (1867-1930), Сагымбай Орозбаковдун вариантын кагазга түшүргөн Ыбырайым Абдыракмановдон ар кандай жолдор менен алынган кол жазмалардан, китептерден окуп, анан «үйрөнгөнүн» айтып жатат. Эгер «үйрөнүү» деген сөздүн төркүнүнө үңүлө турган болсок, ал окуп, угуп же көрүп, эс тутумуна сактап, анан ошол окуп, угуп, көргөнүн өзүнө сиңирип, алымча-кошумчасы менен кайрадан турмушка ашыруу дегенди билдирет? Бул жагынан алганда, Жусуп Мамайдын манасчылык өнөрканасы салттуу же классикалык түрдөгү манасчылык өнөрдөн кескин айырмаланып турат. 1916-жылкы Улуу Үркүнгө чейин Ала-Тоодон Кытайдын Чыгыш Түркистанына каттап турган же Улуу Үркүн маалында аргасыздан качып барган манасчылардын дээрлик бардыгы сабатсыз болгон (Сагымбай Орозбаковду эске албаганда). Алардын ичинен элдин зор кадыр-баркына ээ болгон: Акылбек (1840-?), Тыныбек Жапый уулу, Чоюке Өмүр уулу (1863-1925), Дыйканбай Тойчубек уулу (1873-1923) аян алып, салттуу түрдө айткан манасчылар эле. Ал эми Ыбырайым Абдыракмановдун Сагымбай манасчынын оозунан жазылып алынган «Манастын» айрым окуяларынын кол жазмаларын Чалбай аттуу киши аркылуу Жусуп Мамайга берип турганы (Сагымбай манасчынын уруксатын албай туруп), ачыгын айтканда түшүнүксүз.      
1917-жылы Балбай Мамай Жусупакун Апайдын айткан «Манасын» жактырып, кагазга толук түшүрүп алганын иниси Жусуп Мамайга баяндап жатат. Ал эми Жусупакун Апайдын устаты Тыныбек Жапый уулу экендигин эске алсак, Тыныбек Жапый уулу Ала-Тоолук болуп келип чыгат. Анын жаштык кези Ысык-Көл менен Нарын өрөөнүндө өткөн жана ата-теги Ысык-Көлдүн тескейин, төрүн жердегендиги маалым. Ошол эле мезгилде Тыныбек Жапый уулу Ысык-Көлдүн төрүн жердеген, 18-19-кылымдардын залкар манасчысы Чоңбаштын (Нармантайдын) шакирти болгондугу да белгилүү.
20-кылымдын башында, тагыраак айтканда, 1916-жылкы Улуу Үркүнгө чейин манасчы Чоюке Өмүр уулу өз айылынан – Ысык-Көлдүн төрүнөн чыгып, Кытайдын Түркистанына барат, ал жерден Жусупакун Апай манасчы менен жакындан таанышып, эл кыдырып бирге «Манас» айткан. Чоюке Өмүр уулунун бир тууган иниси Азиздин (Азиз Өмүр уулу 1870-1970) уулу Шаабай Азизов манасчынын (1927 (1924)-2004) айтуусу боюнча: «Чоюке атам «Манас», «Семетей», «Сейтектен» тышкары Манастын кийинки урпактары «Эр Сарык», «Алымсарык, Кулансарык», «Кененим», «Акаяр», «Акжол» баатырларды да айтчу экен». Тилекке каршы, «Манастын» бул бөлүмдөрү Чоюкеден жазылып алынбады. Чоюке атасы айткан «Манастын» бул кийинки бөлүмдөрүн Шаабай Азизов өзү да айтчу. Анын бир мисалы, ал өз колу менен 151 беттен турган Сейтектин уулу «Эр Сарык» бөлүмүн жазып, 1961-жылы Кыргыз Илимдер Академиясынын Кол жазмалар фондусуна тапшырган.
Буга дагы бир мисал, Саякбай Каралаевдин варианты. Чоюке Өмүр уулунун шакирти катары эсептелинген Саякбай Каралаевдин айтуусунда «Манас», «Семетей», «Сейтектен» сырткары, 15 186 сап ырдан турган Сейтектин уулу «Кенен», Кенендин уулдары «Алымсарык, Кулансарык» бөлүмдөрү да Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын кызматкерлери тарабынан 1947-жылы жазылып алынган эле (СК, КФ, 960-инв., 146-инв.).
Ошентип, Жусуп Мамайдын жазып чыгарган сегиз муундан турган «Манас» дастаны Ала-Тоолук, башкача айтканда, азыркы Кыргызстандын Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүнүн чегинде туулуп, өмүр сүргөн жогоруда аты аталган манасчылардын оозунан агасы Балбай жазып калтырган кол жазмалардын негизинде түзүлүп жазылган вариант эмеспи?
Ооба, моюнга алышыбыз керек, «биздин «Манасыбызды» ким тартып кетмек эле?» деген энөө, камаарабас, ары коймаарек мүнөзгө салып келдик. Акыры ошол мүнөз кыргыз элинин кендирин кесип отурат. «Манастын» 8 муунун айткан Ала-Тоолук Чоюке манасчы деле болгон экен. Макул, ал манасчы өмүр сүргөн жылдары жалпы кыргыз эли сабатсыз, жазууга шарты, мүмкүнчүлүктөрү да өтө тар, төмөн экен. Бирок, ошол эле жылдары кытайлык Балбай Мамай Кытайга Ала-Тоодон барган-кеткен манасчылардын оозунан чып-чыргасын калтырбай баарын жазып алып, куржун-куржун кылып сактап, иниси Жусупка табыштап жатпайбы. Бул Балбайдын күжүрмөндүк, өжөрлүк менен кылган эмгеги атан-төө көтөргүс. Балбай Мамай өзүнүн жеке аракети менен «Манас» эле эмес, кыргыз элинин башка да оозеки чыгармачыгынын үлгүлөрүнөн кол жазма фондусун түзүүгө үлгүргөн. Ал ал дейли, ал эми кийин Чоюкенин баласы (Чоюкенин инисинин баласы. – Т.Б.) Шаабай Азизов деле ошол атасындай 8 муунду айткан экен. Анын айткан «Эр Сарык» менен «Кененим» дастандарын эчен ирет мен өз кулагым менен эшиткен элем. Ал кечээ жакында эле 2004-жылы арабыздан кетти. Анын айтканын убагында толук жазып ала албагандыгыбыз (мүмкүн жазгыбыз келбей койгондур) кечирилгис иш.  Ооба, ал манасчынын кырс кыялы бар эле? Зор руханий дөөлөттү өзүнө сиңирип алып жүргөн мындай адамдардын кыялына түтө албадык. Ал айткан ««Манас», «Семетей», «Сейтек» («Эр Сарык» бөлүмү өзү тарабынан жазылып тапшырылган. – Т.Б.) бөлүмдөрү Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын кызматкери Ж.Орозобекова тарабынан 1995-жылы жазылып алынып, калган «Алымсарык, Кулансарык», «Кененим», «Акаяр», «Акжол» бөлүмдөрү өзү менен кошо кете берди. Бул маселеге эмне мынчалык терикти дээрсиңер. Кептин баары мына ушунда болуп жатпайбы. Кытайдын бүгүнкү бирден-бир бетке кармаган көзүрү мына ушунда: «Биздеги (кытайлык кыргыздарда) 8 муундан турган «Манас», силерде жок! Ал эгер болсо, чыгарбайт белеңер эбак китеп кылып. Кыргызстандыктар «Манасты» жаш балача эркелетесиңер, бирок эч кимиңер аны бакпайсыңар» (КЭРдеги Шинжаң уйгур автоном районундагы «Тил жана котормо» журналынын башкы редактору Макелек Өмүрбай менен маектешкендегимдеги анын сөзү, 2009-жылдын ноябрь айы). «Чындын түбү чын чыгат, чыңырыгы бек чыгат» дейт элибизде. Мунусунда чындык бар. Бирок, дагы бир чындыкты унутпайлы – Жусуп Мамайдын 8 бөлүм кылып жазган «Манасы» түбү кайдан барды? Ошол эле Тыныбектин, Дыйканбайдын, Акылбектин, Сагынбайдын, Чоюкенин айткандары эмеспи? Кайдан, качан, ким аркылуу келгендиги тууралу Жусуп Мамай өзү деле ачык айтып жатат. Андай болсо, ал жеке эле Жусуп Мамайдын варианты деп айтуу туурабы? Мүмкүн бул вариантты, бир канча манасчылардын оозунан жазылып алынган бириктирилген вариант катары эсептөө керектир? 
Дагы бир чындыкты айтып кетүү парз. Манасчынын эң негизги белгиси жана өзгөчөлүгү - «Манасты» сааттап, күндөп-түндөп оозеки айткандыгында, ошону менен бирге жаратмандыгында. «Жаратмандыгы» дегеним, үйдө бекинип отуруп алып, кагаз тиктеп жазып эмес, эл алдына чыгып, оозеки айтып жараткандыгында (бир эле мезгилде эпикалык текстти аткаруу жана ошол эле мезгилде жаратуу-төгүү процесси). Манасчынын ар бир оозеки аткарышы кайталангыс, жаңы вариант. Фольклористика илими да ушул өзгөчөлүктү тастыктайт. Манасчы – бул «Манасты» айтуучу, демек аткаруучу жана Манас жөнүндөгү дастанды жаратуучу. Ал эми Жусуп Мамайдын салттуу манасчыга ылайык мүнөздө оозеки айтылышындагы дастанды кыргызстандыктар али уга элек.
“Негизинен бугунун арыкмырза, белек тукумдары жердеп турган Кытай Эл Республикасындагы Шинжаңдын Текес ооданы жана ага караштуу Көк-Терек айылында 1933-жылы төрөлүп, ошол эле жерде 2006-жылы каза болгон кытайлык дагы бир белгилүү манасчы, бугунун белек тукумунан чыккан Сатыбалды Аалы тууралу сөз козгой кетели. Жусуп Мамайдын көлөкөсүндө калган Сатыбалдынын варианты көп жылдар бою колго, ал эми өзү татыктуу көңүлгө алынбай келген. Мына ошондуктан, анын вариантын жазып алуу иштери өтө жай жүргүзүлгөн. 1982-1992-жылдары 45 аудиотабакка жаздырылып алынган Сатыбалды манасчынын варианты 75 000 сап ырын түзгөн. Анын варианты башка манасчылардын варианттарынан айырмаланып, Манастын ата-бабаларынын баянынан турат. «Түп атабыз Түмөн кан, Түмөндөн кыргыз тараган», -  деп баштап, кыргыздын Эне-Сайдан келгенинен бери Манастын 15 ата-бабасын айтат (Түмөн, Түгөй, Көбөй, Жамгырчы, Чаян, Бөйөн, Чобун, Чынкожош, Көкөтөй, Бай, Баккожо, Ырчыкожо, Нуркожо, Каракан (Орозду) Жакып). Манасчынын айтуусундагы «Манас» эпосунун айрым бир окуялары кытай тилине которулуп жарык көргөн. Ал эми азыркы күндө Сатыбалдынын варианты толук чечмеленип, китеп түрүндө чыгуу алдында турат.
Сатыбалды «Манас» айтып калуусун түш көрүү менен байланыштырып жатып, мындай дейт: «1972-жылдын 11-айдын 17-күнү ушул Көк-Теректин күзгү жыйым-терим мезгили болуп, ошол күнү кызылданган кырманда уктам жатсам, бабабыз Бакай аян берди. Анан калса таятам Акылбектин үнү угула баштады. Ошондон улам, ээн жылга-жыбырларга барып, ар күнү өзүмчө айта баштадым».
Сатыбалды Аалынын аян алып, манасчылыкка келиши түздөн-түз Ысык-Көлдүн төрүнөн чыккан айтылуу Акылбекке байланыштуу. Акылбек манасчынын айткан «Манасынын» бир топ окуяларын уулу Эшимбай кагаз бетине түшүрүп, кийин ал кол жазманы Сатыбалдынын энеси Эшимбайдын кызы Гүлбарага тапшырат. Ал эми Гүлбара аны уулу Сатыбалдынын колуна өткөрөт” (КЭРдеги Шинжаң уйгур автоном районунун «Эл адабиятчылар» коомундагы «Манас» изилдөө борборунун башчысы Ысакбек Бейшенбек  менен маектешкендегимдеги анын сөзү, 2007-жылдын октябрь айы). Демек, аты аталган манасчынын өнөрүнүн келип чыгышына негизги себеп катары таятасы Акылбек жана анын өнөрканасы болгондугу анык көрүнүп турат.
Кыргыз элинин эс тутумунда сакталып калган салттуу манасчылардын дээрлик бардыгы Ала-Тоо жергесинде (Кыргызстанда) туулуп-өсүп, Ала-Тоо жергесинде (Кыргызстанда) манасчылыкка келгендиги баарыбызга маалым.
Айталы, Манастын кырк чоросунун экөө - Үмөт уулу Жайсаң менен Ыраман уулу Ырчы баатыр Манастын көзүнүн тирүүсүндө, 7-кылымда эле “Манас” баянын жар салган эң алгачкы манасчылар катары элибиздин эсинде сакталып калган экен (Үмөт уулу Жайсаң. Айкөл Манас: Дастан. – Б.: Бийиктик, 2009.).
Кыргыз элинин тарыхында манасчылардын орду обурактуу болгон. Өзгөчө жоокерчилик замандарда манасчылар күчүнө келип, кыргыз элин козгоп, дем, кубат берип, эл-жерин коргоого үндөп, “Манас!” деп алгачкы ураан таштагандардан болгон.        
Буга мисал катары 17-18-кылымдарда Жуңгар хандыгынын, Ойрот феодалдарынын, Кокон хандыгынын үстөмдүгүнө каршы күрөш жүргүзгөн учурларда, Нооруз, Чоңбаш сыяктуу манасчылар чыгып, кийин алардын учугу үзүлбөй манасчылардын өзгөчө плеядасы пайда болгон: Чоодон (1835-1900), Балык (Бекмурат) Кумар уулу (18-19- кылымдарда), Акылбек, Келдибек Барыбоз уулу (1800-1880), Назар Болот уулу (1828-1893), Тыныбек Жапый уулу, Деңизбай, Байбагыш, Жандаке Байболот уулу (1853-1917). Андан улай эл башына мүшкүл түшүп, кара кийип, кан жутуп турган 1916-жылкы Улуу Үркүн учурунда, эч бир саясий куугунтуктарга, басмырлоолорго карабастан, ары карап ыйлап, бери карап күлүп, СССР доорунда: Чоюке Азиз уулу, Шапак Ырысменде уулу (1863-1956), Жүгөрү Назар уулу (1864-1941), Кайдуу Сопу уулу (1865-1950), Сагымбай Орозбак уулу, Жаңыбай Кожек уулу (1869-1942), Азиз Өмүр уулу, Дыйканбай Тойчубек уулу, Касымбай Бирназар уулу (1873-1943), Багыш Сазан уулу (1878-1958), Жакшылык Сарык уулу (1880-1934), Сейде Дейди кызы (1881-1946), Молдобасан Мусулманкулов (1883-1961), Дуңкана Кочукеев (1886-1981), Актан Тыныбеков (1888-1951), Алмабек Тойчубеков (1888-1962), Акмат Ырысмендеев (1891-1966), Саякбай Каралаев (1894-1971), Мамбет Чокморов (1896-1973), Мамбетаалы Ашымбаев (1897-1969), Сейдана Молдокеева (1920-2006), Турдумамбет Акматалиев (1922-?), Уркасым Бегалиев (1924-1990), Кааба Атабеков (1924-2008), Шаабай Азизов аттуу манасчылар чыккан.
Жогоруда аты аталган манасчылардын ичинен «Манастын» алты муунун айткан манасчы Саякбай Каралаев эсептелинет, анын айтуусу боюнча: “Манас” – 84 513 сап ыр, “Семетей” – 316 157 сап ыр, “Сейтек” – 84 697 сап ыр, “Кенен”, “Алымсарык, Кулансарык” – 15 186 сап ыр. Баш аягы бул вариант 500 553 ыр саптан турат. Дал ушул вариант дүйнөдөгү бардык элдердин эпосторунун ичинен эң көлөмдүүсү болуп эсептелинет (орунду үнөмдөө максатында фондудан алынган маалыматтардын инвентардык номурларын бергеним жок).
Көлөмү жагынан кийинки чоң вариант Мамбет Чокморовдуку эсептелинет, анын айтуусу боюнча: “Манас” – 302 608 сап ыр, “Семетей” – 71 609 сап ыр, “Сейтек” – 23 340 сап ыр. Бардыгы 397 557 ыр саптан турат (орунду үнөмдөө максатында фондудан алынган маалыматтардын инвентардык номурларын бергеним жок).
Кийинки көлөмдүү вариант болуп Молдобасан Мусулманкуловдун үчилтиги эсептелинет, анын варианты: 203 000 сап ырдан турат (орунду үнөмдөө максатында фондудан алынган маалыматтардын инвентардык номурларын бергеним жок).
Ал эми Сагымбай Орозбаковдун оозунан жазылып алынган “Манас” бөлүгү эле 180 000 сап ырды түзөт (орунду үнөмдөө максатында фондудан алынган маалыматтардын инвентардык номурларын бергеним жок).
Жалпы жонунан бүгүнкү күндө Кыргыз Улуттук Илимдер академиясынын Кол жазмалар фондусунда 84 манасчынын оозунан ар кандай көлөмдө жазылып алынган варианттар сакталып турат. Бул варианттардын бардыгы 20-кылымдын 70-жылдарына чейин, СССР доорунда кагазга түшүрүлгөн эле (Шаабай Азизовдун вариантын эске албаганда).
Кыргызстандагы манасчылык өнөрдүн салттуу түрү азыркы күндө да жашап келе жатат, анын өкүлдөрү: Сапарбек Касмамбетов (1934), Уркаш Мамбеталиев (1934), Асанкан Жуманалиев (1947), Кубанычбек Алмабеков (1955), Талантаалы Бакчиев (1971), Тилек Асанов (1982), Дөөлөтбек Сыдыков (1983), Улан Исмаилов (1984) ж.б. Бирок 19-20-кылымдарга салыштырмалуу азыркы тапта манасчылык өнөр сүзүлүп кетүү коркунучунда турат. Буга азыркы учурдагы ааламдаштыруу, массалык маданият сыяктуу Батыштын жашоо мыйзам ченемдери да өз салымын кошуп, таасирин тийгизүүдө.
 Мына ошол себептен 2003-жылы Кыргыз Республикасы тарабынан сунушталган кыргыздардын төкмө акындык, дастанчылык, манасчылык өнөрлөрү «Дүйнөлүк адамзаттын оозеки жана руханий мурасынын баалуулугу» деп Бириккен Улуттар Уюмунун билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча уюму – ЮНЕСКО жарыялаган эле.
Эми азыркы тапта, тагыраак айтканда, 2009-жылы “Кытай Эл Республикасындагы кыргыздардын “Манас” эпосу” деп, дүйнөдөгү бардык кыргыздардын Ата-Мекени болгон Кыргызстанды эске албай туруп, Кытай Эл Республикасы тарабынан «дүйнөлүк адамзаттын оозеки жана руханий мурасынын баалуулугу» деген тизмесине киргизүү боюнча ЮНЕСКОго сунушталгандыгы деги кандай кадам? Ал эми кечээ жакында эле – 2003-жылы, манасчылык өнөрдү Кыргызстандын сунуштоосу менен «дүйнөлүк адамзаттын оозеки жана руханий мурасынын баалуулугу» деп, тизмеге киргизип, кабыл алып, күбөлүгүн берип туруп, манасчы айткан “Манасты” Кытайдыкы деген сунушту кабыл алып жаткан ЮНЕСКОнун мындай иш аракетин кандай түшүнсө болот?