ЖАЙЧЫЛЫК КАСИЕТИ

Талантаалы Бакчиев

http://www.barakelde.org/muras/news:515/
«Манас» дастанында «жайташтын магиялык күчү менен аба ырайын өзгөртүп жиберүү кудуретине ээ кишини жайчы деп атайт. Дастанда көбүнчө аярлар жайчылык өнөргө ээ. Түрк-монгол элдеринин оозеки чыгармаларында күндү жайлоо жөнүндө көп айтылат. Мындай сюжеттик мотив «Манас» дастанында да орун алган. Жайчылык башкы оң каармандардын ичинен Алмамбетке гана мүнөздүү. Алмамбет бала кезинде Аберген деген көлдөгү укмуштуу ажыдаардан жайчылыктын, аярлыктын окуусун окугандыгы дастанда кеңири баяндалат. Ал жайчылыгы менен агыны кату суудан өзү тараптагы жоокерлерди аман өткөрүп, душманды суукка үшүтүп, жеңишке жетишкен учурлары болот. Анын жайчылыгы чоң казатта айрыкча элестүү сүрөттөлөт:
Каптап кытай келгенде,
Караандуу жоону көргөндө,
Күндүзү бүркөк, түнү ачык,
Ала канчык шыбыргак,
Алмамбет жайын салды эле:
Ошондо бөксөнүн башы мөндүрлөп,
Жаканын баары жамгырлап,
Асмандан булут сабалап,
Көктөн булут күркүрөп,
Жер жүзүнө камалып,
Тик каптаган кытай журт
Күн көрөргө зар болуп,
Согуш кылган чоң майдан
Найза бою кар болуп,
Жабылган кытай, көп манжуу
Ошондо кыңшылаган кыз болуп (С.Каралаев, 2 т. 194-б.)

Душман бир жагынан суукка тоңсо, экинчи жагынан Манас батыр баштаган кыргыз жоокерлеринин катуy чабуулунан кырылат. Дастанда жайчынын чагылдырылышы табияттын ар кандай кубулуштарынын ички сырларын үйрөнүүгө, аны адамдын эркине баш ийдирүүгө болгон ой-мүдөө болуп эсептелинет (С.Алиев. «Манас» энциклопедиясы. Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1995. 194-195-б.). Саякбай Каралаевдин вариантында Алмамбеттин жайчылыгы тууралуу дагы төмөндөгүдөй баяндалат:
            Айтканым кесир болбосун,
            Жайдын күнүн кыш кылам.
            Кийими жука кытайды
            Кыңкылдатып кыз кылам.
            Кыз кыла турган себебим:
            Ич этимден суп көйнөк
            Кийип келген болчумун,
            Ар арибин мен окуп,
            Билип келген болчумун» (С.Каралаев. Манас, ТАИ, КФ, инв. № 919, 1675-б.).

Ушул эле вариантта Алмамбеттин жайчылык өнөргө кантип, кайдан ээ болгондугу  жөнүндө төмөндөгүдөй баяндалат:
            Төмөнкү жалгыз көздүн элинде,
            Суук-Төр деген төрүндө,
            Аберден деген көлүндө
            Алтымыш баштуу ажыдаар
            Андан барып окуп кел,
            Күндүзү бүркөк, түнү ачык,
            Бурганактап шыбыргак
            Кубултуп күндү бузуучу
            Жайдын жайын окутат» (С.Каралаев. Манас, ТАИ, КФ, инв. № 919, 1673-б.).

Көпчүлүк учурда аба ырайынын өзгөрүшүнө таасир кылуу үчүн жайчылар магиялык күчкө ээ таш колдонот, ал жайташ деп аталып келген. «Коомдук өнүгүштүн алгачкы учурларында адам табияттын сырын билип, баш ийдирүүгө кылган аракетинен келип чыккан, жайташтын магиялык касиетке ээ экендиги жөнүндөгү шамандык түшүнүктүн пайда болушуна, биринчиден, эң алгачкы эмгек куралынын болушу, ал таштын көбүнчө суунун түбүндө же башка нерселерде орун алышы түрткү болгон. Жайташ моңголдордо «жада», «яда», казактарда «жайтас», якуттарда «сата» деп аталып, сыйкырдуу магиялык күчкө ээ таш катары сүрөттөлөт. Байыркы кыргыздардын ишениминде жайташ көбүнчө койдун же уйдун карынынан табылган. «Манас» дастанында жайчылык өнөр жылан-ажыдаар менен байланыштырылат. Мифтик мындай ишенимди дүйнө элдеринин оозеки чыгармаларында кеңири кездешкен суунун ээси жылан, ажыдаар болуп эсептелген белгилүү салтык сюжеттин бир элеси, көрүнүшү катары кароого болот. Жайташты пайдалана билүү үчүн анын окуусун окуу керектиги түрк-монгол элдеринин оозеки чыгармаларында көп айтылат (С.Алиев. «Манас» энциклопедиясы. Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1995. 194-195-б.). Саякбай Каралаевдин вариантында жайташтын аткарган кызматы тууралуу элестүү сүрөттөлөт:
            Алтын айдар, чок белбоо,
            Азизкандын жалгызы,
            Карыкандын жай ташын
            Чап жанынан алды эле,
            Бир чөйчөктөй кара суу
            Кур дегизе салды эле.
            Жаканын баары жамгырлап,
            Бөксөнүн баары мөндүрлөп
            Жайдын күнүн кыш кылды» (Манас. С.Каралаев 2 т. 194-б.).

«Семетейде» да жайташ согуш мезгилдеринде же бир зарыл учурларда колдонулат. Коңурбай, Мурадыл, Карагулдар кысталыш учурларда күндү жайлап, алай-дүлөй түшүрүп, изин жашырып кутулуп кетишет. Жайташты колдонгондо жайчылардын атайын окула турган магиялык күчкө ээ дубасы болгондугу да айтылат (С.Алиев. «Манас» энциклопедиясы. Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1995. 194-195-б.). Мисалы Бакай баш болуп Семетей, Канчоро, Гүлчоролор он төрт тулпар коштоп алып, Манастын кунун кууганы Бээжинди көздөй аттанып бара жатып азыркы Ак-Суу районундагы Боз-Учук дөбөсүнө түнөп жатып калганда, Кызыл-Кыяда чек араны кайтарып турган Коңурбайдын сакчысы Мурадыл аларды байкап калып, жай ташын көлгө салып, күндү жайлайт:
            «Жай ташты көлгө урду эле,
            Күндү жайлап турду эле,
            Булут ээси Бууракан,
            Мунун атын чакырып
            Жердин аты Желшамал,
            Мунун атын чакырып,
Кышта жүрчү булутту
Жайдын күнү крмады,
Эр Мурадыл чоң кытай
Эсеби жок жайлады.
Коктудан туман табылып,
Тоо-тоолордун башынан
Кара булут чамынып,
Оргочордун башынан
Оркоюп булут көрүнүп,
Бөксө менен зуулдап,
Көк кашка мөндүр төгүлүп.
Жер күркүрөп кыбырлап,
Асмандан көк кашка мөндүр шыбырлап,
Кумсарып булут бөлүнүп,
Асмандан аяктай мөндүр төгүлүп.
Караса көзгө илинбей,
Карарып жүрдү жөө туман,
Жердин жүзү көрүнбөй.
Жер бузулуп дүркүрөп,
Кокту-чуңкур жер менен
Кыян жүрүп күркүрөп,
Кара жар кулап, зоо агып,
Кыян каптап, тоо агып,
Чуңкурдун баары тыгындап,
Кашатты бузуп жыгындап.
Жайдын күндү кыш кылып,
Төрөңүздүн бетине
Төрт элидей муз туруп.
Он төрт аттын баарысы
Кулунча туйлап чыркырап,
Ноктолордун баарысы
Бырча-бырча үзүлүп,
Быт-быт чыкты быркырап.
Кең дүнүйө тар болуп,
Жердин бети ошондо
Тердиктен ылдый кар болуп.
Колотко, жарга жыйылып,
Жан-жаныбар, макулук
Мөндүр тийип кырылып» (Семетей: Эпос. Саякбай Каралаевдин варианты б-ча.  Ф.: Адабият, 2-китеп, - 1989. 152-153-б.).

З.Мамытбековдун «Отражение жизни и борьбы кыргызов в эпосе «Манас» аттуу эмгегинен төмөндөгүдөй кабар ала алабыз: «Жай таштын магиялык касиетине болгон ишеним якут, алтай, жана казак элдеринин элдик оозеки чыгармачылыгында кеңири кездешет. Жамгыр чакыра турган таш тууралуу окуялар – “Алтай Бучай” аттуу алтай дастанында, “Ер Косай” аттуу казак дастанында жана Фирдоусинин “Шахнамесинде” да сүрөттөлөт. Мына ушул жогоруда мисал иретинде келтирилген элдик оозеки чыгармачылыктагы магиялык ыкмалар жана ар кандай сөз, заттарды колдонуу  аркылуу табийгатка жана аба ырайына таасир этүү мүмкүнчүлүгү бар экендиги жөнүндө  ишеним жашап келген. Ал эми кыргыз дастанында эң зор жайчы катары Алмамбет баатыр сүрөттөлөт (З.Ч.Мамытбеков. Отражение жизни и борьбы кыргызов в эпосе «Манас» Б.: «Илим»150-б.). Ушул эле автордун дагы бир эмгегинде бул боюнча мындай маалыматты кездештиребиз: «Түрк элдеринин фольклорунда жай таш колдонуу өтө көп учурайт. Якуттар жай ташын «сата» дешип, (ал) ат, уй, аюу, карышкыр сыяктуу айбандардын ичинде болот. Эң күчтүү жай таш карышкырдын ичинен чыккан таш болуп саналат. Якуттар сата ташы менен шамандар жамгыр, жазында кар жаадыра, бороон, шамал чакыра билет дешет. Сата ташы якуттар жандуу нерсе деп ойлошот. Ал адамга окшош, көзү, кулагы, оозу дана көрүнөт. Аял же бөтөнкишинин көзүнө көрүнсө, ал өлөт, же кубатынан кайтат. Жандуу жай таш жогору чыкса, суук шамал болуп, өтө чоң кар, же жамгыр жаайт. Колунда жай ташы бар адам узак жолго чыкса, аттын жалына же куйругуна анны байласа, ат тердебейт. Шамандардын колуна жай ташты бүркүт берген имиш. Алтай шаманистеринде жайчы («ядачы») деген адамдар бар. Ядачы жай ташы менен жамгыр, кар жаадырып, бороон кыларына күчү жетерине алтайлыктар ишенет. Жай таш таза абалуу тоолордо болот дешет. Алар булл ташты колуна алыш үчүн, бүт малын, мүлкүн зарп кылат. 1861-жылы В.В.Радлов Алтайда, Абаканга жакын бир жерде саякат кылып жүргөндө, жамгыр жаап калат. В.В.Радловдун жанында болгон бир төөлөстүк (дөөлөс – алтай уруусу) жайчы жай ташын алып чыгып, бир кашык дары (урук) алып отко күйгүзүп, эки колун абага жайып, төмөнкүчө жайлаган:
Кайракан, Кайракан,
Алас! Алас! Алас!
Алаканча ачык бер,
Теменече тешик бер.
Ыйык кишинин үрөнүмүн,
Кедир жыгач уругумун
Абу, Тобу кийдирген,
Өлгөстөй, Кулдурак кыйкырган
Теңирдин киндиги жерде,
Жердин киндиги көктө!
Таш жыгач майды жактым,
Теңирдин жолун ач!
Алаканча ачып бер!
Теменече тешик бер.
Бийик тоону жандап өт!
Абакандын башынан өт!
Улуу кан! Улуу кан!
Алас! Алас! Алас!

Жай ташы Эне-Сай боюнда жашаган кыргыздарда байыркы убакта белгилүү болгону байкалат. Кыргыздардын түшүнүгү боюнча жай таш койдун курсагында болгон. Жайдын дубасы эл массасына гана эмес, жайчы кишинин өзүнө да түшүнүксүз болгон. Күндү жайлоодо ошол сөздөр сансыз ирет кайталанган. Мисалы, жайчы кырк чыбыкка кырк ирет жайы сөзүн (дуба сөзүн) кайталап, анан чыбыктарды сууга салган. Андан соң улам төрт жагына тегеренип, жайын (дубаны) кырктан төрт жолу айткан жайчы мүрзөнүн топурагын алып, ошону айта турган жайын (дубасын) кырк жолу айтып, топуракты асманга чачкан. Мындан тышкары жайчы дагы өзүнүн жайын (дубасын) жети миң жолу айтууга тийиш болгон. Жай ташын кыргыз эли байыртадан бери кургакчылык убагында жамгыр тилөө үчүн гана эмес, жоокерчилик убакта согуштук ык катары колдонулгандыгы «Манас» дастанында көп айтылат (З.Мамытбеков. «Манас» эпосун изилдөөнүн кээ бир маселелери. Ф.: 1966. 75-77-б.).

Кыргыз элиндеги жайчылык касиетти бүгүн да кездештиребиз. Бул тууралуу биз Жети-Өгүз районундагы Кичи-Жаргылчак айылынын тургуну жайчы Жамгырчы кызы Калыйман Данакееваны (1940) мисалга тартсак, 2008-жылы «Айгине» маданий-изилдөө борбору тарабынан Талас облусундагы Нылды-Ата мазарында өткөрүлгөн «Рух көрөңгөсүн сактайлы» аттуу семинардын катышуучусу Калыйман Данакеева элдин өтүнүчү боюнча, дөбөгө чыгып, арканды колдонуу менен күн өзгөртүп, жамгыр жаадырганына семинардын бардык катышуучулары күбө болушкан (04. 06. 2008-ж.).
Ысык-Көл районундагы Темир айылынын тургуну Шайакун кызы Мырзакан  Сатылганованын (1951) айтуусу боюнча, тайкеси Садыр Табылды уулу (Мырзакандын энесинин бир тууган агасы) атактуу жайчы болгон. Ал өмүр бою Жети-Өгүздүн Чычкан айылында туруп кийин гана жашы өтүп калганда Каракол шаарында балдары менен туруп калган. Айылдыктар Садырды тергеп аке деп тергешчү. Кургакчылык мезгилдерде Садыр чоң таштын үстүнө чыгып, дуба окуп күндү жайлап, жамгыр жаадырчы экен. Жайчы Садыр Улуу Ата Мекендик согуш жылдары (1941-1945) каза болгон дейт жээни Мырзакан. Анын көзүнүн тирүүсүндө үйүндө турган даарат алчу кумганына кут түшүп кийин таштай болуп уюп калган. Азыркы күндө да ал кут балдарынын үйүндө бекем сакталып турат. Жээни Мырзакандын дагы бир айтуусу боюнча Садыр өтө окумал, сабаттуу киши болуптур. Анын үйүндө араб арибиндеги көптөгөн эски китептер ар дайым бийик текчеде турчу дейт.

Жогорудагы айтылгандарга улай кетчү нерсе, жайчылыкка үндөш дагы бир өнөр ээси байкалат. Андай касиетти алып жүрүүчүлөр дубанын (көпчүлүк учурларда «Курандын») күчү менен кайсы бир табигый кубулуштарды, материалдуу заттардын, жан-жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн турпатын, абалын, нугун өзгөртө ала тургандар, мисалы: шар суунун агымын токтотуу же тескери агызуу, жерге өрт жиберүү, атылган окту токтотуу, баш кийим учуруу ж.б.у.с. Биздин оюбузча бул өнөр жайчылык касиети менен кандайдыр бир деңгээлде жакын тургансыйт, бирок терең иликтей келгенде, бул эки касиет бири-биринен кескин айырмаланып турат, себеби жайчылыктын негизги аткарган кызматы магиялык жол менен (белгилүү бир аспапты колдонуу аркылуу, дуба айтуу аркылуу) аба ырайын гана өзгөртүү менен чектелет. Албетте, жайчылар күн жайлагандан сырткары кошумча дагы башка өнөрлөрдү алып жүрүшкөн, мисалы: төлгө ачуу, алдын ала айтуу, алдын ала көрүү же сезүү ж.б.

Корутундулай келгенде, жайчылык жана анын тегерегиндеги маселелер келечекте жакындан байкоо жүргүзүүнү, изилдөөнү талап кылат. Ал эми буга карата манилүү бир нерсени эске алуу абзел, бардык эле жайчылар өздөрүнүн касиетине ар дайым күбө катыштыра бербейт жана баарына эле касиет сырын ача бербейт, бул түшүнүктүү (муну биз Калыйман Данакееванын мисалында байкадык). Себеби, бул касиет адамдын аалам, табийгат мыйзам ченемдерине кийлигишүүсүн, өзгөртүшүн талап кылат. Ошондуктан болсо керек, мындай касиет ээлерин кездештирүү өтө кыйын. Мындай касиет татыктуу колго гана өткөрүлүшү милдет жана аяр мамилеге муктаж.

Комментариев нет:

Отправить комментарий